Каталония шайлоосун жикчилдер утту, кырдаал кандай болот?

Сүрөттүн булагы, EPA
Башкаруучу коалиция түзүү мүмкүчүлгүнө эки партия ээ болду: "Каталониянын солчул републикачылары" жана "Каталония менен бирге" партиясы (солдо солчу республикачылардын азыркы лидери, өкмөттүн милдетин аткаруучу Пере Арагонес, оңдо партия төрагасы Ориол Жункерас)
Каталониянын регионалдык парламентине шайлоону Испаниядан өз алдынча болууну жактаган партиялар утуп чыкты. Соңку маалыматтарга караганда үч партия парламенттеги 135 орундун 74 мандатын алмакчы.
Испания королдугунун биримдигин колдогон Социалисттик партия парламенттеги 33 мандатты алат. Коронавирус чектөөлөрүнө байланыштуу шайлоого катышуу (53 пайыз) төмөн болгону айтылды.
"Каталониянын солчул републикачыларынын" азыркы лидери Пере Арагонес өкмөттүн төрагасы кызматына талапкер болот. Каталондук социалисттердин төрагасы Сальвадор Илья дагы талапкерлигин көрсөтө турганы белгилүү болду.
Испаниянын конституциясы Каталониянын өз алдынча болушуна тыюу салат. Андай болгондо баш мыйзамды бузуу катары эсептелет. Бирок эгемендүүлүктү жактаган күчтөрдүн жеңшике жетиши кайрадан жаңы рефрендум өткөрүү талабын көтөрүшү мүмкүн экенин көрсөтөт.
Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Каталониянын солчул републикачыларынын" лидери Пере Арагонес
2017-жылы Пучдемон башында турган жикчилдер Каталониянын көз карандысыздыгын талап кылып референдум өткөргөн. Испаниянын Конституциялык соту референдумду мыйзамсыз деп тапкан.
Референдумдун өтүшүн мыйзамсыз санаган испан өкмөтү добуш берүүнүн жүрүшүнө тоскоолдуктарды жаратып, полиция менен кагылышуу болгон эле. Шайлоочулардын жарымына чукулу гана катышканына карабастан, референдум өттү деп саналып, уюштуруучулар 90% шайлоочу көз карандысыздык үчүн добуш берди деп жарыялашкан.
Каталонияга испан өкмөтү түз башкаруу киргизгенден кийин каталондук төрт саясатчы Бельгияга качып кетти. Испания аларды "мамлекеттик каражатты максатсыз пайдаланышкан жана козголоң уюштурган" деп айыптаган. Испаниянын борбордук өкмөтү 12 лидердин тогузуна кылмыш ишин козгоп, 2019-жылы Испаниянын Жогорку Соту каталондук лидерлерди тогуз жылдан он үч жылга чейин эркинен ажыраткан. Каталониянын мурдакы вице-президенти Ориол Жункерас 13 жылга соттолгон. (AbA)