Гималайдын тез эрип жаткан мөңгүлөрү: жер көчкү жана суу ташкыны
- Навин Синх Кхадка
- Экология боюнча кабарчы, BBC World Service

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мөңгүлөр эригенде жер жумшарып, жер көчкү катталышы ыктымал
Гималай тоо кыркаларындагы мөңгүлөр тез эрип, бир гана тоодогу көлдөр толбостон жер көчкү сыяктуу башка көйгөйлөрдү жаратууда. Окумуштуулар мындай коркунучтарга көңүл бурулбай жатканын эскертүүдө.
Айталы, жакында Индиянын Уттаракханд штатында суу ташкын катталды. Ага мөңгүлөрдүн эригени себеп болгон.
Гималайда Жер планетасындагы эң көп сандагы мөңгүлөр жайгашкан. Климаттын өзгөрүүсүнөн улам миллиарддаган тонна муз эрип кетти.
"Мындай абалдагы тобокелчиликтер тууралуу түшүнүгүбүз чектелүү. Биз азыр табигый кырсыктарга реакция гана жасап жатабыз. Мисалы, Уттаракханд штатындагы суу ташкындан кийин көйгөйдү карап, тамыры мөңгүлөрдүн эригендигинде экени аныкталды. Бирок мындай коркунучтарга байкоо салып, алдын ала чара көрүү багытында иштер аз",-дейт геология боюнча профессор Жеффрей Каргел.
Видео: Кара-Баткак мөңгүсүнө сапар
Мөңгүлөр эригенде түзүлгөн коркунуч
Эксперттердин айтымында, мөңгүлөр эрип, муздун калыңдыгы жукарганда кар жана жер көчкү сыяктуу кырсыктар катталышы ыктымал. Айрым учурда бүтүндөй тоо көчүп жатат. Бийик тоолордогу жер көчкүнү көптөр байкабай деле калышы мүмкүн. Бирок жер көчкү Уттаракханддагыдай болуп дарыяны бууп калса, кийин тосулуп калган суу жарылганда бүтүндөй кыштактарды кыйратат.
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Окумуштуулар Гималай кыркаларындагы мөңгүлөрдүн тез эригенин изилдеп келишүүдө, эми анын кесепетине көңүл буруу керек экени айтылууда
Албетте, алыскы аймактарда, бийик аскаларда буга байкоо салуу, изилдөө жүргүзүү абдан татаал. Мисалы, Гималайда 50 миңден ашуун мөңгү бар. Учурда алардын отузга чукулу гана байкоого алынды.
Окумуштуулар Гималайды планетадагы эң жаш тоо кыркалары катары аташат. Аймактагы жер титирөөлөр дагы деле тоо кыркаларына таасир этип келет. Айталы, бул аскалардын бийиктиги азыр деле өзгөрүп жатат.
Глобалдык жылуулануудан кар жана жаан-чачындын өзгөрүлүшү, муздардын эригени аймакты туруксуз абалга кептеди. Мындан улам 2016-жылы Тибеттеги Ару аскаларында бүтүндөй мөңгү көчүп, тогуз киши каза тапкан, жүздөгөн мал жандык кырылган.
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Гималайдагы зилзалалар тоо кыркаларына таасир этип келет
2012-жылы Пакистан көзөмөлдөгөн Кашмирде мөңгү көчүп 140 киши каза тапкан. Алардын көбү Пакистандын аскерлери болчу. Эксперттер мөңгү жана таш көчкү болгонун айтышкан. Бирок кырсыктын так себеби аныкталган эмес.
"Мөңгүлөр азаят, жер көчкү кескин көбөйөт"
Соңку изилдөөлөр Азиядагы тоо кыркаларында, анын ичинде Гималай (Индия, Непал, Кытай, Пакистан, Бутан), Памир (Тажикстан, Кытай, Ооганстан, Кыргызстан), Кара-Корум (Борбор Азия, Индия, Кытай), Гиндукуш (Ооганстан, Пакистан) тоолорунда 1999-2018-жылдары мөңгүлөр тез эрип, жер көчкүлөр кескин көбөйгөн.
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Гималай тоолорунда суу ташкындар көбөйүп гидроэлектрстанциялары коркунучка кептелди
Кытайдын Илимдер академиясы спутниктен алынган сүрөттөрдү анализдеп, 2009-2018-жылдары гана бул тоолордо 127 жер көчкү болгонун аныкташкан.
НАСАнын гидрологиялык илимий лабораториясынын башчысы, жер көчкү боюнча эксперт Далиа Киршбаум мөңгүлөрдүн эригендигинин кесепети бир гана суу таңкыстыгы менен чектелбейт деп айтууда.
"Жөнөкөй тил менен айтсак, мурда аскалардагы таштар муздун жардамы менен жабышып турган. Мөңгүлөр эрип, муздун калыңдыгы жукарса, бийик аскалардагы таштар кулайт. Демек, ал жер көчкүгө алып барат",-дейт ал.
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Соңку изилдөөлөрдө жер көчкүнүн көп катталганын мөңгүлөрдүн эригени менен байланыштырылат
Бийик тоолордогу көлдөргө көңүл буруу
Гималай тоо кыркаларындагы аз сандагы изилдөөлөр көлдөр тез толуп жатканына көңүл бурган. Негизги коркунуч, көлдөр толуп жарылса кыштактар, шаарлар суу алдында калышы ыктымал.
Бирок сынчылар, окумуштуулар көлдөргө басым жасап, башка коркунучтар көз жаздымда калганын айтышууда. Эксперттер болсо аймакта суу ташкындар көп жылдан бери көйгөй жаратып келгендиктен, көлдөргө басым жасалып келгенин белгилешүүдө.
"Суу ташкын мөңгүлөрдөн алыс жайгашкан кишилерге таасир этет, адамдык жоготуулар көп катталат. Ошондуктан биринчи кезекте суу ташкынга көңүл бурулууда",-дейт окумуштуу Мириам Жаксон.
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Гималайда аз сандагы мөңгүлөр изилденүүдө
Окумуштуулар бул багытта мамлекеттерди кызматташууга дагы чакырышат. Мисалы, Индия, Кытай жана Пакистан өз алдынча изилдөөлөрдү жүргүзүп келет. Гималай тоо кыркаларында чектешкен үч мамлекеттин дипломатиялык мамилелери курч бойдон. Ошондуктан алар илимий маалыматты бири-бири менен бөлүшпөйт.
"Алар биригип, мөңгүлөрдүн абалы тууралуу маалымат менен бөлүшүп турганы абдан маанилүү. Антпесе бул мөңгүлөргө байкоо жүргүзө албай калабыз, коркунучтарга даярдыгыбыз чабал болуп калат",-дейт геолог Анжал Пракаш.
Кытайдын тездик менен эрип жаткан мөңгүлөрү