Күйүүчү майдын кымбатташына эмне себеп?

Сүрөттүн булагы, YEGOR ALEYEV/TASS
ОПЕК+ уюмуна кирген мунай өндүргөн өлкөлөр өндүрүштү чектөө боюнча келишимдерди сактоого макулдашты. Жеңилдик Орусия менен Казакстанга гана берилди. Алар апрелде мунай өндүрүштү суткасына 130 миң жана 20 миң баррелге көбөйтө алышат.
Уюмга кирген өлкөлөр апрелде мунай өндүрүшүн күнүнө 0,5 миллион баррелге көбөйтүү чечимин кабыл алат деп күтүлгөн. Буга чейин өз ыктыяры менен кошумча чектөөлөрдү кабыл алган Сауд Арабиясы өндүрүштү 1 миллион баррелге көбөйтүшү мүмкүн экени айтылып жаткан эле.
ОПЕК+ чечиминен кийин күйүүчү майларга болгон баалар кайрадан көтөрүлдү. Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдө соңку эки айдан бери бензин дээрлик 15 пайызга чейин кымбаттаганы айтылды.
Кыргызстанга таасири
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 10 сомго чейин кымбаттады. Улуттук статистика комитети январь жана февраль айындагы баалар боюнча маалымат берди.
"АИ-95 бензини январда 37,78 сом болсо, февралда 39,77 сомго чыкты. Ал эми АИ-92 үлгүсү январда 35,91 сом болсо, февралда 38,48 сомго кымбаттады",-дейт аталган мекеменин басма сөз катчысы Асель Акматалиева. Бул эми өткөн айдагы көрсөткүчтөр. Марттын башынан бери дагы кымбаттады.
Эксперттер жалпы кымбаттоолордун келип чыгуу себебинин бири катары улуттук сомдун куну кеткени, сатып алуу мүмкүнчүлүгү төмөндөшү экенин белгилейт. Алдыда баалар дагы өсөт. Анын ичинде Кыргызстан өзү өндүрүп, дайыма ички рынокто арзан сатылып келген айыл чарба азыктары да кымбаттайт.
"Салыштырып көрсөк, күйүүчү май Ош аймагында 10 сомго кымбаттады. Биз эми агрардык мамлекет болгондуктан айыл чарбасына көбүрөөк көңүл бурушубуз керек. Анысыз деле коронавирус пандемиясынан улам былтыркы жылы баалар аябай эле кымбаттаган. Күйүүчү майдын кымбатташы эми жайда, күзүндө айыл чарба азыктарынын кымбатташына алып келет. Демек, алдыда биз ички жана сырткы кымбаттоолорду күтсөк болот. Азыр эми талаа иштери башталды. Кызмат көрсөтүүлөр дагы кымбат болуп жатат. Мунун таасири фермерге, андан сатып алуучуга чейин тийет. Рыноктогу баалардын кескин жогорулашына алып келет. Бул боло турган факты",-дейт Ош мамлекеттик университетинин профессору, экономика илимдеринин доктору Мирлан Убайдуллаев.
Кыргызстанга күйүүчү май Орусия менен Казакстандан келет. Экономика тармагы боюнча адис Эркин Абдразаков азыркы шартта аткезчиликти токтотуп, биринчи кезекте айыл чарбасы үчүн күйүүчү майларды жеткиликтүү кылып бербесе, азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаралат деп эскертти.
"Мурун күйүүчү май Тажикстанда 70-80 сомго чейин чыгып кетчү. Биздин аткезчилер чек ара жабык турса дагы өткөргөнгө аракет кылат. Ортомчулар көп болгон сайын күйүүчү майдын баасы дагы өсө берет. Өзбекстан, Орусия, Казакстандын өзүндө таңкыстык бар. Ошондуктан биз дыйкандардын колуна түз жете тургандай кылышыбыз керек. Азык-түлүк коопсуздугу биринчи орунда турат. Пандемияда көрдүк, суу майды өзүбүз өндүрсөк болот эле. Эгинди толук кандуу айдап себе албай калдык. Жыйым-теримден деле зыян тарттык",-дейт Эркин Абдразаков.
Кыргызстан үчүн Орусия, Казакстан менен арзан баада сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү бар дейт профессор Мирлан Убайдуллаев.
"Бул өлкөлөр менен ич ара өнөктөштүк, экономикалык келишимдер бар. Ошол эле күйүүчү майлар боюнча жылда Орусиядан жеңилдетилген лимитибиз бар. Ошондон ашып кеткенде, бул ар жылы декабрга туш келип, баалар кымбаттайт. Өкмөт эгерде орус жана казак өкмөтү менен сүйлөшө алса, арзан баада алууга мүмкүн".
Кыргызстанда бүгүнкү күндө күндө жумуш менен алектенгендердин 18 пайыздан ашууну айыл чарба тармагында. Изилдөөлөр боюнча калктын жакыр катмарынын чоң бөлүгү элет жеринде жашагандар. 2020-жылы ички дүң өндүрүм 8,1 пайызга кыскарды. Мунун себеби товар өндүрүү, кызмат көрсөтүү жана башка ишкердиктин кыскарышы, жумушсуздуктун өсүшү, калктын кирешеси азайганы, салыктын аз жыйналганынан кабар берет. Ага кошулуп кымбаттоолор башталды. Кыргыз өкмөтү буга кандай чара көрөт, так пландарын жарыялай элек.
ОПЕК+ стратегиясы
ОПЕК+ уюмунун кийинки жыйыны 1-апрелде өтөт. Альянс 2016-жылы декабрдын соңунда түзүлгөн. Ошондо уюмга мүчө өлкөлөр жана Орусия баштаган мунай өндүргөн 11 мамлекет мунай өндүрүштү кыскартуу боюнча келишимге жеткен. Бул соңку сегиз жыл ичиндеги биринчи жолу кабыл алынган келишим болду. Алар мунайдын баасын кымбаттатуу үчүн ушундай кадамга барышкан.
Анткени 2014-жылы өндүрүштү кыскартуу боюнча сүйлөшүүлөр мунайга болгон баалар төмөндөп кеткенде башталган эле. Brent үлгүсүнүн баррели 115 доллар болсо, эки жылдан кийин 30 долларга чейин арзандаган. Мындай абал АКШ сланец газынан өндүргөн мунайды чыгара баштаганы менен дагы байланыштырылган.
Биринчи келишим ОПЕК+ үчүн жыйынтыгын берген. Анткени кийинки жылы баалар 50-60 доллардын тегерегинде кармалып турду. Ал тургай баррели 80 долларга чейин көтөрүлгөн дагы учурлар болду.
Башында уюмга беш өлкө мүчө болуп кирген болсо, азыр алардын саны он төрт. Уюмга мүчө болгон өлкөлөр дүйнөдөгү мунайдын 40 пайызын көзөмөлдөп, мунай резерви 70 пайыз.
Уюмдун мүчөлөрү бири-бири менен келишимдерге келип, рыноктогу атаандаштыкты жалпы аракеттенүү менен төмөндөтүп турушат. Бул өлкөлөр уюм рынокту турукташтырууда чоң роль ойноп жатканын белгилеп жүрөт. ОПЕКтин лидери катары Сауд Арабиясы эсептелип, Орусия уюмга кирген эмес.
Альянстын мүчөлөрү тез-тез жолугушуп, базардагы кырдаалды жана алдыдагы аракеттерин талкуулап турушкан. Бирок 2020-жылдагы жолугушууда тараптар келише албай тарады. Андан кийин коронавирус пандемиясы базарга кескин таасирин тийгизгени жалпыга маалым. Карантинден улам күйүүчү майларга болгон талап азайды.
Сауд Арабия өндүрүштү чектөө боюнча келишимди карманып, ага кошумча дагы өз ыктыяры менен өндүрүштү кыскартты. Орусия болсо кабыл алынган гана чектөөлөрдү карманууну чечти. ОПЕКтин лидери болуп саналган Сауд Арабиясы менен Орусиянын мунай өндүрүү квотасы боюнча эки өлкөнүн пикир келишпестиги бир күндө эле кара майдын баасынын кескин төмөндөшүнө алып келген. Brent үлгүсү бир нече күн ичинде баррелине 50дөн 32 долларга чейин түштү. Сауд Арабиясы менен Орусия ортосунда баа согушу башталды. Марттын соңуна барып Brent үлгүсү 20 долларга чейин арзандады. Апрелде ОПЕК+ уюму кайрадан чогулуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө аргасыз болгон.
Жыйынтыгында өндүрүштү кыскартуу боюнча жаңы келишим кабыл алынды. Альянстын мүчөлөрү өндүрүштү күнүнө рекорддук 9,7 миллион баррелге кыскартууга макул болушту (болжолу дүйнөлүк суроо-талаптын 10 пайызы).
Бул келишим майдан июлга чейин эле иштеди. Августтан декабрга чейинки кыскартуулар күнүнө 7,7 миллион баррель деп белгиленди.
2021-жылдын башындагы сүйлөшүүлөрдө 1-январынан баштап өндүрүш көлөмүн 2 миллион баррелге көбөйтүү пландаштырылган. Бирок коронавирустун экинчи толкуну ОПЕК+ уюмунун пландарын кайра карап чыгууга аргасыз кылды.
Жыл башындагы ОПЕК+тун жолугушуусунда Орусия менен Казакстан мунай өндүрүүнү көбөйтүүнү көздөгөнүн билдирген эле.
Эми баалар кандай болот?
ОПЕК+ стратегиясы ийгиликтүү болуп чыкты. 2021-жылдын мартына карата Brent үлгүсүнүн баасы "ковидке чейинки" абалга келди. 3-мартта Brent баррели 63 доллардан сатыла баштады.
Bloomberg белгилегендей, базарлардагы кырдаал керектөөчүлөр өндүрүштү күнүнө 1,5 миллион баррелге көбөйтүүгө толук даяр экендигин көрсөтүүдө. Кытайда күйүүчү майга болгон суроо-талап мурдакы калыбына келе баштады. Кымбат бааны анчейин жактырбаган дагы бир ири мунай сатып алуучусу Индия дагы өндүрүштү көбөйтүүгө чакырды.
ОПЕК 2021-жылы мунайга болгон суроо-талап суткасына 5,8 миллион баррелден 96 миллион баррелге чейин өсөт деп божомолдоодо. Бирок бул дагы 2019-жылга караганда азыраак. Анда суткасына 100 миллион баррелге жакын эле.
Айрым талдоочулар суроо-талап азырынча жетиштүү деңгээлде жана туруктуу эмес деп эсептейт. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө Covid-19 үчүнчү толкуну катталышы мүмкүн деген коркунуч бар. Ошондой эле калкты эмдөө жетиштүү деңгээлде жүрбөй жатат.
ОПЕК келечегинде чийки затка суроо-талап төмөндөйт деп болжойт. 2030-жылга чейин мунайды керектөө 107 миллион баррелге чейин көтөрүлөт, андан кийин ал төмөндөй баштайт. Анткени дүйнөдө глобалдык жылуулукка каршы күрөш күчөп, көптөр электр унааларга артыкчылык берет.