"Башкалар барса, мен деле макулмун": Кытайдагы уйгурларды мажбурлап иштетүү

Уйгур кызы Бузейнепти фабрикага иштөөгө көндүрүп жатышат

Сүрөттүн булагы, screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Уйгур кызы Бузейнепти фабрикага иштөөгө көндүрүп жатышат

Би-Би-Си жаңы иликтөөсүндө кытай өкмөтүнүн уйгурларды жана башка этникалык азчылыктарды өндүрүш компанияларына жумушка тартуу саясатынын түпкү максаты эмне болгон деген суроого жооп издеди.

Өздөрү туулуп өскөн Шиңжаңдан бир нече чакырым ыраактагы аймактарга барып ишке орноштуруунун максаты - уйгур азчылыктарын кытай коомуна жуурулуштуруу, алардын аң-сезимин өзгөртүүгө жана жыш отурукташкан уйгур калкын суюлтууга багытталган. Бул тууралуу Кытайдын бийлик өкүлдөрү үчүн даярдалган көрсөтмө жаңылыштык менен интернетке жарыяланып кеткен.

Кытай өкмөтү мындай максаты болбогонун айтып, "Би-Би-Сидеги изилдөө автордун жеке пикирин гана билдирет жана маалыматтын көпчүлүгү фактыларга негизделген эмес" деп билдирди. Өкмөт башка аймактарга жумушка жиберүү менен элеттеги жакырчылыкты кыскартып, жумушсуздукту жоюну максат кылганын белгилеп жүрөт.

2017-жылы Кытайдын мамлекеттик телеканалдарында расмийлер Шиңжаңдын түштүгүндөгү айылдарынын биринен 100 кишини башка бир провинцияга жумушка жөнөтүүгө аракеттенип жатканы чагылдырылган.

Айылдын борборуна чатыр тигип, столдорду коюп, ыктыярчылардын жазылышын күтүштү. Бирок айылынан 4 миң чакырымдай алыс жерге эч кимдин деле баргысы келген жок окшойт. Андан кийин жергиликтүү чиновниктер үймө-үй кыдырып, ата-энелер жана жаштарды көндүрүүгө аракет кыла баштады.

Видеодо көрүнүп тургандай 19 жаштагы Бүзейнепти атасы үйүнөн кетиргиси келбей жатат.

"Өз ыктыяры менен баргысы келген бирөө жарым бардыр. Биз бул жерде эле күнүбүз өтө берет. Келгиле, ушундай эле жашай берели",-дейт атасы.

Кийин расмий өкүлдөр Бүзейнептин өзү менен жеке сүйлөшүүнү чечет.

"Эгер бул жерде калсаң, жакында турмушка чыгып, эч качан эч кайда кете албай каласың",-деп айтып жатат уйгур кызына расмий өкүл.

"Барасыңбы?, -деп сурады ал.

Расмий кишилер жана муну тартып жаткан мамлекеттик телеканалдын журналисттеринин баары жабалактап турушат.

"Жок!", -дейт кыз.

Бирок алар ынандырууга аракет кыла беришти. Бүзейнеп акыры:

"Башкалар барса, мен дагы барам. Эгер эч ким барбаса, мен дагы барбайм",-деп айтты.

Сүрөттүн булагы, screenshot

Ошентип Бүзейнеп сыяктуу бир нече кызды алыскы аймактагы кайсыл бир фабрикага иштөөгө көндүрүштү. Телеканалдагы берүү Бүзейнеп менен курбалдаш бир топ кыздар апалары менен ыйлап коштошуп жаткан кадрлар менен бүтөт.

Кытай бийлиги мындай массалык көчүрүүнүн максаты жумушсуздук жана жакырчылыкты жоюу болгонун айтып келүүдө. Бирок мамлекеттик ЖМКлардагы отчеттор жана жогорку кызмат адамдары үчүн даярдалган көрсөтмөлөр такыр башка нерсени түшүндүрүп турат.

Интернетке жарыяланып кеткен көрсөтмөнү катачылык болгонун түшүнүп, дароо өчүрүп салышкан. Бирок чет өлкөдө жашаган уйгур изилдөөчү аны көчүрүп алып, сактап койгон.

Шинжаңдагы мусулман азчылыктары "кайра тарбиялоо лагерлерине", андан кийин завод-фабрикаларга жөнөтүлөт. Бирок жер которгондордун көбү лагерлерде болгон эмес. Алар жакыр айылдардан түз эле ишканаларга жөнөтүлгөн. Изилдөөдө аларды күзөтчүлөрдүн коштоосунда топ-тобу менен жөнөтүп, саясий пропагандага дуушар кылышканы көрсөтүлгөн.

"Бул документ Шинжаңдын жогорку чөйрөсү менен байланышып турган алдыңкы окумуштуулар жана мурдакы өкмөт өкүлдөрү тарабынан жазылган. Ал аймакта болуп жаткан окуялар кесепеттерин ачык көрсөтүп турат. Калктын жыштыгын жана демографиялык көрсөткүчтөрдү өзгөртүүнү көздөгөн чоң максаттары бар. Бул абдан кабатыр кыла турган нерсе жана ал адамзатка каршы кылмыш жасалып жатабы деген суроолорду көтөрүүгө негиз берет",-дейт эксперт Адриан Зенц.

Бүзейнеп Хубэй провинциясындагы тигүү фабрикасына жөнөтүлгөн экен. Би-Би-Синин журналисттери аталган фабрикадан уйгур жумушчулар тууралуу сурады. Кароолчу "коронавируска байланыштуу жумушчулар үйлөрүнө жөнөтүлгөнүн" айтып, дарбаздан эле кайтарды.

Фабриканын жетекчилиги "Шинжаңдан келген жумушчулар жок" деп билдирди.

Би-Би-Си кабарчыларына бул жердеги жумушчулардын бири фабрикада бир нече жүздөй уйгурлар жумушка орношконун айтып берген. Бирок кытайлык жумушчулардан айырмаланып, алар заводдун имаратынан чыга албасын айтат.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө "Би-Би-Си жарыялаган изилдөө автордун жеке пикирин гана билдирет жана маалыматтын көпчүлүгү фактыларга негизделген эмес" деп айтылат.

Бул билдирүү кытай өкмөтүнүн көз карашын чагылдырат. Өкмөт болсо айрым уйгурлар өз үйлөрүн таштап кетүүнү каалабай жатат деген тыянак чыгарып, көйгөйдү жетекчиликтин батыл аракеттери жана чечкиндүү чаралар менен чечүү керектиги айтылат.