Сириядагы согушка он жыл: урандыга айланган шаарлар, азган-тозгон эл

10 жылга созулган согуштан кийин көптөгөн шаарлар ушундай абалда (сүрөт 2013-жылы Идлибде тартылган)

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

10 жылга созулган согуштан кийин көптөгөн шаарлар ушундай абалда (сүрөт 2013-жылы Идлибде тартылган)

Мындан он жыл мурун сириялыктар демократияны талап кылып көчөгө чыккан. Бирок анын ордуна согуш жана талкаланган өлкөнү алышты. Бийликте мурдагыдай эле авторитардык башкаруучу. Жаңжалга Жакынкы Чыгыштын башка өлкөлөрү, Орусия, Түркия жана Батыш дагы тартылып, мурда болуп көрбөгөндөй масштабдагы курч гуманитардык кризиске алып келди.

Эгер согуш бүтсө, жеңүүчүсү ким?

Өткөн жылдын мартынан тарта Сирияда согуштук аракеттер токтоду. Ошону менен согуш бүттү деп айтууга болбойт. Асад өлкөнүн чоң бөлүгүн көзөмөлүнө алганы менен аны жеңүүчү катары атоо азыр эрте. Өлкө төрт аймакка бөлүнүп турат. Асаддын күчтөрү Сириянын үчтөн экисин көзөмөлүнө алды (2013-жылга салыштырсак, өлкөнүн бештен бирин гана көзөмөлдөп турган). Анын ичинде негизги сегиз шаар - Дамаск, Алеппо, Хомс, Хама, Латакия, Тартус, Дераа жана Дейр-эз-Зор бар.

Бул аймакта болжолу 12 миллион чамалуу калк жашайт (Сириянын калкы 17 миллион). Дагы 7 миллион сириялык ар кайсыл өлкөгө качты.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Бүтүндөй бир муундун балдары качып-бозгон мусапыр турмушта төрөлүп, торолушту

Сириянын түндүк-чыгышы АКШ колдогон күрд коалициясынын колунда. Түндүк-батышын Түркия менен байланышта болгон көтөрүлүшчүл топтор көзөмөлүнө алган. Идлибде көтөрүлүшчүл топтор дагы деле бар. Алардын арасында жихадчыл "Ал-Каида" менен байланышта делген "Хайат Тахрир аш-Шам" тобу бар (көп өлкөлөрдө экстремисттик уюм катары таанылган).

Вашингтон институтунун эксперти жана Лион университетинин доценти Фабрис Баланштын айтымында, Асаддын армиясы чек араны дээрлик көзөмөлдөбөйт. Кургактагы чек аранын 15 пайызы гана Сирия армиясынын көзөмөлүндө. Калгандары сырткы оюнчулардын колунда.

"Сирияны толугу менен көзөмөлгө алганы тууралуу жарыяланган билдирүүлөргө карабастан, Дамаск чет өлкөлүк державаларга баш ийип, кыскарып кеткен аймакта узак убакыт бою чектелген суверендүүлүктү сактап калганына ыраазы болгондой. Америкалык аскерлер Сириянын чыгыш тарабынан толугу менен чыгып кетсе дагы, өлкө жаңжалды жайгарууга катышкан өлкөлөрдүн - Орусия, Түркия жана Ирандын колунда кала берет. Ошондуктан бул маселеде Асаддын алдында тандоо жок", - деди эксперт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Эгер согуш уланып жатса, буга эмне себеп?

Сириядагы согуш бир нече себептен улам узакка созулду. Негизги себептердин бири - эл аралык оюнчулардын аралашканы. Сириянын тагдыры сириялыктардын колунда болбой калганына көп болду. Жаңжалды жайгаруу эми сырткы күчтөргө байланыштуу.

Эл аралык мамилелер боюнча орусиялык эксперт Кирилл Семенов тараптар туңгуюк абалга кептелгенин айтат. Маселен, Идлибдин айланасында түркиялык күчтөр бар. Кокус эле чатак чыгып кетчү болсо, Орусия менен Түркия ортосундагы түз кагылышууга алып келиши мүмкүн.

Сириянын чыгышындагы абал деле кудум ушундай. Бул жерде америкалык жана түркиялык, орусиялык аскерлер бар.

Мындай абалдан чыгуунун эки гана жолу бар - дипломатиялык ыкка көнүү, болбосо азыркы кырдаалды узак жылга ушул бойдон калтыруу.

Өкмөткө каршы нааразылык жүрүшүнөн эл аралык жаңжалга чейин

"Эркиндик, режим жоголсун, доктор сенин кезегиң", -деген жазууну өспүрүмдөр Дераадагы мектептин дубалына жазып кетишкен. Алар Тунистеги, Ливия, Египеттеги окуяларга шыктанган эле. Президент Башар Асаддын кесиби офтальмолог болгон үчүн кеп ким жөнүндө экенин баары түшүндү. Мектеп полициясы өспүрүмдөрдү дароо кармады. Ошо менен Иордания менен чек арадагы шаарда каршылык жүрүштөрү дүрт этти.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Идлибдеги граффити: "Биз дагы деле эркиндикти каалайбыз"

Бир эле учурда өлкөнүн башка шаарлары - Дамаск менен Алепподо эл көчөгө чыкты. Алар реформаны жана саясий туткундарды бошотууну талап кылышкан. Коррупцияга жана жакырчылыкка каршы чыгышкан эле.

"Тунис менен Египеттеги окуяларды узакка байкап олтуруп, ар-намысы козголгон көптөгөн сириялыктар көчөгө чыккан",-деп эскерген сириялык жазуучу аял Рима Алаф.

Асад элдеги каршылык маанай күчөгөнүнө сырткы күчтөрдү айыптады жана катаал чара көрдү. 2011-жылдын мартында Хомс шаарында демонстранттарды танк менен атышты.

Жаңжалдын кызыл чогу улам өрткө айланып баратты. Оппозициянын катарына радикалдуу маанайдагы топтор жыйыла баштады жана тынчтык жүрүштөрү куралдуу кагылыштарга айланды. Андан кийин жаңжалга сырткы күчтөр кошулду.

2012-жылдын этегине чейин кагылышуулар сириялыктардын гана ортосунда болуп жаткан. Акырындап чөлкөмдөгү өлкөлөр аралаша баштады.

Согуш кайра тутанып кетиши мүмкүнбү?

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Идлиб аба чабуулунан кийин (2016-жылдын сентябры)

Ток этерин айтсак, ооба тутанып кетиши мүмкүн. Бирок качан экенин айтуу кыйын.

Сириядагы бүгүнкү кырдаалды мурдагы француз элчиси Мишель Дюкло "геосаясаттагы өчпөгөн жанар тоо" деп атаган. Дагы качан кайсыл бир жанар тоо атыларын эч ким билбейт, дейт Эл аралык кризис (International Crisis Group) тобунун башкы адиси Дарин Халифа. Бул жерде көп жагдай бир нече оюнчудан көз каранды.

Жаңжалдын чыгуусуна себеп боло турган жагдайлар

Сириянын түндүгүндө жаңжалдын тутанып кетүү коркунуч бар. Анын ичинде Идлибде чатак ырбап кетиши мүмкүн. Чыгышта болсо өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган экстремисттик топтун аман калган жоочулары бар. Алар саясий, диний, экономикалык кырдаалды пайдаланып, катарына жаңы кишилерди тартууга аракет кылат.

Түштүктө - Дераа менен Кунейтра провинциясында көтөрүлүшчүл топор али куралын таштай элек.

Согуштун кесепети

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Арзан баада нан сатып алыш үчүн кээде сааттап кезекте тууруу керек

Сириядагы согуш мурда болуп көрбөгөндөй масштабдагы гуманитардык кризиске алып келди. Жарым миллион чамалуу киши каза тапты. Калктын тең жарымы - 12 миллион киши (UNHCR маалыматы) үй жайынан безип, качкынга айланды. Алардын 6,6 млн чамалуусу Сириянын ичинде көчүп-конуп жүрсө, калган 5,5 млн киши коңшу өлкөлөрдөн - Түркия, Ливан, Иордания жана Ирактан башкалка тапты. Миллион чамалуу киши Европага чыгып кетти. Бул экинчи дүйнөлүк согуштан берки качкындарга байланышкан өтө чоң көрсөткүч.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

6,6 млн чамалуусу Сириянын ичинде көчүп-конуп жүрсө, калган 5,5 млн киши коңшу өлкөлөрдөн - Түркия, Ливан, Иордания жана Ирактан башкалка тапты

Азыз өлкө калкынын 90 пайызы жакырчылыктын чегинде күн кечирүүдө. Бүтүндөй шаарлар урап, өлкө боюнча ооруканалардын теңи кыйрады. Он жылга созулган согуштан кийин экономика дагы урандылар алдында калды.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Он жылга созулган согуштан кийин экономика дагы урандылар алдында калды.

Сирияда калган калктын - 12,4 млн киши ачарчылыктын чегинде. Орто катмар дээрлик жок болду. Азы-түлүктүн бир айлык керектөөсү орточо маянадан ашып түшөт. Жакшы жашоо үчүн сириялык бир жаран 700 миң лира (300 доллар) иштеп табышы керек. Азыр орточо айлык 55 миң лира (24 доллар) деп жазат Түркияда жайгашкан сириялык Qassioun басылмасы. (AbA)