Доордун алмашуусу: Меркелдин саясаттагы сапары аяктоодо

Ангела Меркель

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Германиянын "түбөлүктүү" канцлери саналган Ангела Меркелдин партиясы жергиликтүү шайлоодо эки маанилүү аймакта жеңилди. Адистер муну сентябрь айында өтө турган парламенттик шайлоодогу алдын ала жыйынтык катары баалады.

Сентябрдагы шайлоодо Христиан-демократиялык биримдик партиясы (ХДБ) Меркелди канцлер катары көрсөтпөйт. Ал шайлоодон кийин саясаттан кетерин жарыялаган. Серепчилер күчтүү лидер саналган Ангела Меркелдин партиядан кетип жатканы буга себеп экени айтышууда.

ХДБ партиясы Германиянын түштүк-батышындагы Баден-Вюртемберг менен Рейнланд-Пфальц аймагын он жылдан бери башкарып келген. Ошондуктан бул аймактарда ХДБнын жергиликтүү шайлоодо жеңилип калганы күтүүсүз болду.

Бирок серепчилер Христиан-демократиялык биримдик партиясы бир гана ушул эки аймакта эмес, жалпы Германия боюнча калктын колдоосунан колун жууп жатканын белгилейт. Айталы, белгилүү Frankfurter Allgemeine Zeitung гезити жергиликтүү шайлоонун жыйынтыгын "тарыхый жеңилүү" деп бааласа, партиянын өкүлдөрү "Биримдикке оор сокку" болгонун мойнуна алды.

Буга эмне себеп?

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Меркелдин партиясы жапырт эмдөө жараянын начар уюштурганы үчүн сынга кабылды

Немис серепчилер ХДБ партиясынын популярдуулугу төмөндөгөнүнө бир нече себеп бар экенин белгилейт. Алардын бири - "Ангела Меркель" деген брендден айрылып жаткандыгы.

1. Беткапка байланыштуу чуулгандуу окуя

Соңку үч аптанын ичинде ХДБ партиясынын үч өкүлү өз ыктыяры менен кызматтан кетти. Аларга медициналык беткаптарды сатып алууда "пара алган" деген дооматтар коюлуп жатат.

Калк ансыз деле коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөөлөрдөн чарчап турганда, мындай окуя шайлоочуларды иренжиткендей.

Андан тышкары өткөн аптада Германия парламенти Аксель Фишерди (ХДБ партиясынын өкүлү) кол тийбестигинен ажыратты. Ал Азербайжандан лобби тобунан пара алган деп айыпталууда. Фишер бул дооматтарды четке кагып келет.

2. Жапырт эмдөөнүн жай жүргөнү

Жапырт эмдөөнүн жай жүргөнү Европа Биримдигиндеги чоң маселе. Бирок Германия жана Европанын башка мамлекеттеринин тургундары бир гана Биримдикти сынга албастан, өз жетекчилери дагы чабал иштеп жатканын айтууда.

Германияда 100 миң киши вакцина алды. Бул башка Европа мамлекеттериндеги көрсөткүчтөргө дал келет. Бирок германиялыктар өз өлкөсүн коңшу мамлекеттер эмес, жапырт эмдөө жараянындагы лидерлерге салыштырат. Мисалы, Британияда калктын санын эске алганда төрт эсе көп киши эмдөөдөн өттү, АКШда болсо үч эсе көп киши вакцина алды.

3. Меркелдин саясаттан кеткени

Германиянын канцлери Ангела Меркель өзүнүн партиясына салыштырганда кыйла популярдуу. Анын сентябрдагы шайлоодон кийин саясаттан кеткени партияга сөзсүз таасир этмек. Бул окуяны дүйнөнүн булуң-бурчундагы аналитикалык борборлор жана лидерлер бүтүндөй доордун алмашканы катары баалашууда.

Социологиялык сурамжылоолорду жүргүзүп келген Infratest Dimap компаниясы, 2016-жылы Баден-Вюртембергде шайлоочулардын 64 пайызы ХДБ партиясына Меркелди колдогону үчүн добушун берген. Өткөн аптадагы жергиликтүү шайлоодо бул көрсөткүч 45 пайызга түшкөн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Меркелдин ордун Армин Лашет басат деген жоромолдор бар, бирок партияда башка дагы күчтүү талапкерлер бар

Эми Германиянын дагы төрт аймагында жергиликтүү шайлоолор өтөт. Андан кийин сентябрда парламенттик шайлоо болот. ХДБ эки маанилүү аймакта жеңилип калганы менен, оппозициячыл партиялардан дагы деле алдыда келе жатат.

Учурда шайлоочулардын көңүлүн бурган маселе - Меркелдин ордуна ХДБ партиясын ким жетектейт. Буга чейин Меркелдин ордун Армин Лашет басат деген жоромолдор болгон, бирок партияда башка дагы күчтүү талапкерлер бар. Соңку айларда партиянын лидери катары белгилүү саясатчы Маркус Зёдер шайланат деген сөздөр дагы айтылууда.

"Партиянын лидери ким болсо дагы, 16 жылдан бери Германияны башкарып келген консерваторлор чоң коркунучка туш болду. Канцлер Меркель саясаттан кеткенден кийин бул партия үстөмдүгүнөн айрылыш ыктымал",-деп жазат Poitico аналитикалык басылмасы.