"Грэмми" cыйлыгын утуп, Токаевдин алкоосун уккан казак жигити

Иманбек Зейкенов

Сүрөттүн булагы, Getty Images

"Жылдын мыкты ремикси" категориясы боюнча "Грэмми" музыкалык сыйлыгын 20 жаштагы казакстандык Иманбек Зейкенов жеңип алды.

Сыйлыкты Иманбекке америкалык рэп ырчысы Saint Jhn Roses чыгармасына жараткан ремикси үчүн беришти. Бул ремикс өткөн жылы дүйнө жүзүнө вирустай эле тараган болчу.

Казак жигити мындай престиж саналган сыйлыкты жеңип алган постсоветтик өлкөлөрдөн чыккан биринчи музыкант болуп калды.

Өткөн жылы Иманбек Зейкенов тууралуу New York Times басылмасы жазып чыккан эле. Темир жол бекетинде иштеген казак жигити рэпер Saint Jhn ырдаган Roses чыгармасын ремикс кылып, заматта дүйнөлүк атакка ээ болду, деп жазган басылма.

20 жаштагы Иманбек ата-энеси менен Казакстандын Павлодар облусундагы Аксу шаарында турат. Бул чакан гана шаар. Өткөн жылдын декабрына чейин ал жергиликтүү темир жол бекетинде иштечү. Кийин баары өзгөрдү. Бир жыл мурун Иманбек орусиялык коомдук сайттарга өзү жасаган ремиксти жайгаштырып койгон. Бир нече айдан кийин өтө таанымал киши болуп чыга келгенине өзү да таң калды.

"Мен ремиксти мыйзамсыз эле жасап салгам. Анткени музыканы алуу укугун билген эмесмин. Ошон үчүн коомдук сайтка жөн эле чыгарып койгом. Бир нече айдан кийин бүт дүйнөгө тарап кетиптир",-деп айтып берген Иманбек басылмага.

Roses ыры мындан төрт жыл мурун чыккан экен. Бирок эл аралык деңгээлдеги ийгилиги Иманбек менен байланышта. 2019-жылы күзүндө рэпер Saint Jhn өкүлдөрү менен келишимге жетишип, ремикс расмий түрдө жарыяланды. 2020-жылы жазында бул чыгарма бир нече апта британдык хит-параддын сап башында турду. Башка өлкөлөрдө дагы алдыңкы сапта болгон.

Мындан түшкөн каражат Иманбекти музыка менен олуттуу алектенүүгө түрттү. Ошентип ал темир жол бекетиндеги ишинен бошогон. Азыр казакстандык музыкант менен кызматташууну көптөгөн белгилүү диджейлер сунуштап жатышкан экен.

Май айында даниялык диджей Мартин Женсен менен биргеликте I'm Just Feelin' чыгармасын иштеп чыгышты.

"Жакында эле Tiesto мага кат жазып, чыгармачылыгыма жакшы баасын берди",-деген Иманбек.

2020-жылы Roses "ТикТокто" өтө популярдуулукка жетип, бир нече миллион колдонуучу ушул чыгарманын коштоосунда бийлеген тасмасын жарыялаган. Өткөн жылы Spotify аркылуу 280 млн ирет угушкан экен.

New York Times жазгандай Иманбек музыканы мурдагыдай эле эски ноутбугунда FL Studio программасы менен жазган эле.

Иманбекти сыйлыгы менен куттуктап, Казакстандын президенти өзү билдирүү жазды.

"Өзүнүн таланты жана максатына умтула билген өжөөрлүгү аркылуу диджей Иманбек дүйнөлүк шоу-бизнестеги негизги сыйлыктардын бирине жетти. Анын чырмачылык ийгилиги казакстандык таланттуу жаштар бийик чокуларды багынта аларын көрсөттү! Президенттин атынан Иманбекти жеңиши менен куттуктайм жана ага жаңы чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!",-деп жазган Instagram баракчасына президент Касым-Жомарт Токаевдин басма сөз катчысы Берик Уали. (AbA)