Өзбекстан: Сох маселеси жана анын таржымалы

  • Айбек Абдылдаев
  • Би-Би-Си Кыргыз кызматы
чек арачылар
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

2013-жылы 6-январда Өзбекстандын Сох анклавындагы Ушар айылынын тургундары анклав аркылуу Баткендин айылдарына өтүп бараткан кыргызстандык унааларга кол салып, жүргүнчүлөрдү барымтага алышкан. Сүрөт 2016-жылы Чарбак айылында тартылган

Өзбекстандын Сох анклавындагылар соңку жылдары өлкөнүн ички аймагы менен байланыш катаал болуп калганына даттанып келишет.

Сохту облус борбору менен байланыштырган жол Кыргызстандын Баткен облусунун Кадамжай району аркылуу өтөт. Көптөн бери эле анклав тургундары бийликтен Сох-Риштан автоунаа жолун ачып берүүнү талап кылып келүүдө.

Сох району - Кыргызстандын ичиндеги Өзбекстанга караштуу анклавдын эң чоңу жана эң машакаттуусу. Район 325 чарчы километр жерди ээлейт. Жетимиш миңдин айланасында тургуну бар. Негизинен 90 пайыздан ашууну тажик улутундагы өзбек атуулдары. Дыйканчылык жана мал чарбасы менен тиричилик өткөрөт. Сыртка миграцияга чыгып иштегендери дагы бар.

Бул анклав тарых булактары боюнча өткөн кылымдын 20-жылдарында улуттук-аймактык бөлүштүрүү маалында эле пайда болгон. Москвадагы чоң комиссия бул анклавды адегенде Кыргызстанга, андан кийин Өзбекстанга караштуу кылып чечкен. Кийин 1955-жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын биргелешкен комиссиясы анын чарбалык ыңгайына карап, Өзбекстанга караштуу административдик район кылышкан.

СССР таркап, Кыргызстан менен Өзбекстан чек араларын бекиткенден кийин анклавга кирип чыгуу машакаттуу иш болуп калды. Чек арада эки өлкө ортосунда маал-маалы менен чыр-чатак чыгып турган. Кыргызстандын Баткен аймагына борбор менен байланыштырган негизги унаа жолу мурда анклав аркылуу өтчү. Убагында өзбек чек арачылары кирип-чыккандарды катуу текшерип, жүк ташыган унааларды өткөрбөй койгон үчүн көп жолу нааразылыктар айтылды. Кыргызстан ушундай кыйынчылыктарды көргөндөн кийин Баткен облусуна баруу үчүн Сохту айланып өткөн жол курду.

Бир катар маалымат булактарында Өзбекстан 1999-жылкы Баткен окуяларында анклавка аскер күчтөрүн киргизгени айтылат. 2010-жылдагы сүйлөшүүлөрдөн кийин Өзбекстан согуштук техникаларын жана аскер күчтөрүн чыгарып кетүүгө макул болгон. Анклавда чек арачылардан башка аскер күчтөрүн кармоого болбойт.

2013-жылы 6-январда Өзбекстандын Сох анклавындагы Ушар айылынын тургундары Баткендин айылдарына өтүп бараткан кыргызстандык унааларга кол салып, жүргүнчүлөрдү барымтага алышкан. Электр зымдарын оодарып, жолдон өтүп бараткан кыргызстандык унааларды талкалап салышкан. Чек арадагы Кыргызстандын Чарбак айылына кирип келишип, бир нече кишини барымтага кармап кетишкен. Алардын мындай мыйзамсыз аракети бул айылга жакын жердеги Чарбак айылына кыргыз тарап чек ара заставасына электр зымдарын тарткандан улам болгондугу айтылган. Бул окуя боюнча убагында эки тараптуу иликтөө жүрө турганы айтылганы бар. Анын жыйынтыгы ачык жарыяланган эмес.

Чарбактагы окуядан кийин кыргыз бийлиги анклавка кирген чек ара өтмөктөрүн жапты. Көп өтпөй Өзбекстан Кыргызстан менен байланыштырган чекара өтмөктөрүн бир тараптуу жаап салган.

Ошол окуядан кийин Кыргызстан Өзбекстандын Сох анклавына карым-катнашты мурдагыдай Сох-Риштан жолу аркылуу эмес, Кадамжай шаарчасы аркылуу айланып өтүп, Вадил аймагынан гана кирүүгө уруксат берди.

2013-жылы Өзбекстан Кыргызстандын Барак эксклавына бара турган жолду узартып койгон. Мурда эксклав тургундары 7-8 чакырым жол басып район борбору менен карым-катнаш кылып келсе, ошондон кийин бир тарабы 300 чакырым жол басып район борборуна келүүгө аргасыз болушкан. Мындай кыйынчылыктан улам эксклавдагы тургундар көчүп чыгууга аргасыз болду.

Сох району Фергана облусунун тутумунда. Чек ара маселесинде Өзбекстан үчүн өтө талылуу көйгөй болуп калды.

Өткөн жылы жайда Кыргызстандын Кадамжай районундагы Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох анклавындагы Чашма айылынын тургундары ортосунда жаңжал чыккан. Андан эки тараптан тең бир нече киши жаракат алды. Шавкат Мирзиёев бийликке келген төрт жыл ичинде чек арада мындай жаңжал каттала элек болчу.

Өткөн жылдары дагы Өзбекстан анклавына жолдун ачылганы тууралуу маалыматтар тарап, бирок кыргыз расмийлери Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө экенидигин айтып, жолду ачууда ветеринардык, фитосанитардык коопсуздук маселелери чечилиши керектигин айтканы бар.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун өткөн аптадагы Ташкентке сапарынан кийин Сох маселеси кайра көтөрүлдү. Президенттин басма сөз кызматы адегенде орус тилинде "Кыргызстан Сох анклавына авиакаттам жана транспорт жолун ачууга даяр" деген маалымат таратып, көп өтпөй президенттин расмий сайтына жарыяланган маалымат өзгөртүлгөн текст менен кайра жарыяланган. Оңдолгон маалыматта: "Өзбекстандын Сох анклавына аба каттамдарын гана ачууга даяр экени" айтылат.

Президент Садыр Жапаров "Азаттыкка" курган маегинде: "Биз Сохко авиакаттамды ачып беребиз дедик. Андан тышкары өткөрмө бекеттерин гана ачабыз. Интернетте оппозиционерлер, ою бузук адамдар "Сохко коридор берет экен. Жол ачат экен, сууну берет экен" деген туура эмес маалыматтарды таратып жиберишти. Бул туура эмес калп маалымат",-деп айтты. (AbA)