"Ички ишибизге кийлигишүү": Орусия менен Кытайдын Батышка жообу

The foreign ministers of Russia and China - Sergei Lavrov (L) and Wang Yi - in Guilin, 23 Mar 21

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Орусия менен Кытайдын тышкы иштер министрлери

Орусия менен Кытай Батыш өлкөлөрүнүн санкцияларын сынга алды. Буга чейин Европа Биримдиги, Британия, АКШ жана Канада Шинжаңдагы мусулман азчылыктарына карата куугунтуктан улам айрым Кытай расмийлерине каршы санкция жарыялаган.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров расмий иш сапары менен Кытайга келип, Батыш мамлекеттерди эки өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөөгө чакырды.

Лавров Европа Биримдигинин "бир тараптуу чечимдери" Орусия менен мамилени солгундатканын кошумчалады.

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И болсо чет мамлекеттердин өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүгө "жол берилбейт" деп эскертти.

Европа Биримдиги 1989-жылдагы Тяньаньмэн аянтындагы окуялардан бери Кытайга каршы санкция жарыялай элек болчу. Кытай Европа Биримдигинин санкциялары "жалган маалыматка жана ушакка" негизделгенин билдирди. Санкцияларга жооп кылып Кытай Европанын 10 расмийине санкция жарыялады. Бул кишилер "Кытайдын көз карандысыздыгына шек келтирип, жалган маалымат таратуу аркылуу өлкөнүн кызыкчылыгына коркунуч жараткан".

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кытай бийлиги Шинжаң аймагында мусулман азчылыктарын "тарбиялоо лагерлерине" мажбурлап жөнөтүүдө

Батыш мамлекеттеринин санкциялары

Батыш мамлекеттер президент Владимир Путинге жакын саналган орусиялык расмийлерди санкцияга алган:

2014-жылы Орусиянын Крым аймагын басып алганына байланыштуу

Украинанын чыгышындагы жаңжалга байланыштуу

Орусиянын чалгын кызматынын мурдагы офицери Сергей Скрипал менен оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын ууландырылышына байланыштуу

Кремль айыптарды четке кагып келет.

Шейшемби күнү НАТОго мүчө мамлекеттеринин жыйынына Брюсселге келген АКШнын мамлекеттик катчысы Блинкен Орусиянын "Түндүк агым - 2" долбооруна каршы экенин белгиледи. Долбоор аркылуу Орусиядан Германияга чейин газ түтүктөрү курулуп жатат.

Долбоордун курулуш иштери жыйынтыкталып калган. Ага карабастан Германия курулуш иштерин улантса, АКШнын санкцияларына кабылышы мүмкүн. Вашингтон долбоорду Орусиянын Европаны бөлүү ыкмасы катары көрөт. Газ түтүктөрү Украина менен Польшаны айланып өтөт. Эки мамлекет долбоорго кескин каршы чыккан.

Сергей Лавров менен Ванг И эл аралык мамилени санкция аркылуу жүргүзүү "кабыл алынгыс" экенин эскертишти.

Адам укугун коргогон уюмдар Кытайдын түндүк-батыш тарабында жайгашкан Шинжаңда миллиондон ашуун мусулман азчылыктары атайын уюштурулган "тарбиялоо лагерлерине" мажбурлап жөнөтүлүп, кармалган аялдар зордукталып, кыйноого алынып, стерилизация болуп жатканын айтышууда. "Лагерден" кийин мусулман азчылыктары завод-фабрикаларда мажбурлап иштетилип жатканы боюнча дагы далилдер арбын.

Кытайдын өкмөтү дооматтарды четке кагып, лагерлерди "кесиптик билим берүүчү жай" деп атап келүүдө. Ал эми фабрикаларды "жакырчылык менен күрөшүүгө" багытталган масштабдуу долбоор экенин жана анда кишилер ыктыярдуу түрдө иштеп жатышканын маалымдап келет.

Ван И күчтүү мамлекеттер өздөрүнүн стандарттарын жайылтуу үчүн "башкалардын ички иштерине кийлигишип" же демократия жана адам укуктарына жамынып таасирин кеңейтүү аракетин токтотушу керек деп билдирди.

"Вакцина дипломатиясы"

Кансыз согуш доорунда атаандаш болгон Кытай менен Орусия соңку жылдары экономикалык, аскердик жана илимий кызматташуусун күчөттү.

Сергей Лавров менен Ван И Батыш мамлекеттеринин Орусия менен Кытай коронавирус пандемиясы учурунда "вакцина дипломатиясы" аркылуу таасирин күчөтүүдө деген дооматтарды четке какты.

Көптөгөн мамлекеттер Кытайдын Sinopharm жана Орусиянын "Спутин V" вакцинасын алды. Алардын арасында Европа мамлекеттери дагы бар.

Бул вакциналарды чыгаруу Батыш өлкөлөрү иштеп чыккан вакциналардан кыйла арзан. Андан тышкары Орусия менен Кытай өз вакциналарын чет мамлекеттерге тез жеткирип жатат. Бээжин айрым мамлекеттерге вакцинасын бекер жөнөтүүдө.

Лавров "Спутин V" вакцинасын геосаясат же коммерциялык кызыкчылык эмес, "гуманитардык" жана "адам өмүрүн сактап калуу" үчүн башка мамлекеттерге таратып жатканын айтты.

Ван И болсо Кытай башынан эле "вакцинаны тез арада болушунча көп кишиге жеткирип", "дүйнө коомчулугуна жардам берүүнү" көздөп жатканын кошумчалады.