Индияда "эки жолу" мутацияланган коронавирус табылды

Hundreds of thousands of viral genomes have been analysed across the world

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Бардык эле вирустар өзгөрүп турат жана көп учурда ал адамга эч кооптуу эмес

Индияда "эки жолу" мутацияланган вирус аныкталды. Окумуштуулар ал канчалык кооптуу экенин териштирүүдө.

Буга чейин коронавирустун бир нече мутацияланган түрү табылган. Бирок бул жолу коронавирустун мутацияланган эки башка түрү бир вируста аныкталды. Изилдөөчүлөр "эки жолу" мутацияланган вирус канчалык тез жайылат жана вакцинага туруштук бере алабы деген суроолорго жооп издеп жатат.

Соңку күндөрү Индияда коронавируска байланыштуу абал курчуп, шаршемби күнү 47 миңден ашуун адам вируска кабылды, 275 киши каза тапты. Бул быйыл катталган өлкөдөгү эң жогорку көрсөткүч. Ага карабастан расмийлер вирустун жаңы түрү эпидемиологиялык абалдын курчушуна байланышы жок экенин айтууда.

Вирустар улам өзгөрүп, мутацияланып турат. Көп учурда мындай өзгөрүүлөр коркунуч деле жаратпайт. Бирок айрым мутациялар, айталы Британия менен Түштүк Африкада аныкталган жаңы түрлөр, вирустун тез жайылышына алып барышы ыктымал.

Вирусолог Шахид Жамилдин айтымында, вирустун айланасындагы найзадай (тажыдай) болгон протеиндердин өзгөргөнү коркунуч жаратышы ыктымал. Себеби ал аркылуу вирус иммундук системаны айланып өткөндү үйрөнөт. Коронавирус дал ушул протеиндердин жардамы менен адамдын клеткаларына жугат.

Анализ: Кооптонууга негиз барбы?

Смита Мундасад, Би-Би-Синин ден-соолук боюнча кабарчысы

"Эки жолу" мутацияланган вирус кооптуу угулушу мүмкүн. Муну окугандар, индиялык окумуштуулар коронавируста чоң мутациялар же өзгөрүүлөр болгонун аныктады деп түшүнүшү ыктымал.

Бирок бардык эле вирустар өзгөрүп турат. Ошондуктан окумуштуулар буга таң калган деле жок. Учурда изилдөөчүлөр бир нече суроого жооп издеп жатат: "эки жолу" мутацияланган вирус тезирек жайылабы же бейтапка илдеттин оор түрү жугабы? Жаңы вирус вакцинага туруштук бере алабы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Вирус мутацияланган сайын мурдагыдай эле санитардык эрежелер сакталышы керек

Расмийлер "эки жолу" мутацияланган вирус аз сандагы жарандарга жукканын тесттер көрсөткөнүн маалымдашууда. Демек, кооптонууга негиз жок. Бир гана вирус мутацияланган сайын мурдагыдай эле санитардык эрежелер сакталышы керек. Тесттерди көбөйтүү, беткап кийип жүрүү, социалдык аралыкты сактоо, колду улам жууп туруу аркылуу мутацияланган вирустун жайылышын басаңдатса болот.

Вакцина тууралуу сөз кылсак - дүйнөнүн булуң бурчунда вирустун жаңы түрү катталып жатканы менен, вакцина алар менен натыйжалуу күрөшүп жатат. Андан тышкары окумуштуулар колдогу вакцинаны мутацияланган вирус менен күрөшкүдөй кылып өзгөртүү оңой экенин айтууда.