Түндүк Корея: “жаңы тактикалык ракеталар” ийгиликтүү сыналды

Missile launch

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Пхеньян ракетасынын сүрөтүн жарыялады

Түндүк Корея бейшемби күнү "жаңы тактикалык ракета" ийгиликтүү сыналганын жарыялады. Жапония менен АКШ Түндүк Корея эки баллистикалык ракетасын абага учурганын ырастаган.

Пхеньян жаңы ракеталар 2.5 тонна же башкача айтканда өзөктүк дүрмөттү таамай жеткире аларын айтууда.

Түндүк Корея президент Байден кызматка киргенден бери биринчи жолу куралын сынап жатат.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга баллистикалык ракеталарын сыноого тыюу салган. Жапония менен Түштүк Корея Пхеньяндын кадамын сындады.

Бир нече күн мурун эле Түндүк Корея эки ракетасын сынаган. АКШ бул окуялар "Түндүк Кореянын курал иштеп чыгуу долбоору коңшу мамлекеттерге жана эл аралык коомчулукка коркунуч" жаратып жатканын белгиледи.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Мамлекеттик медиа сыноого күбө болгон Түндүк Кореянын генералдарынын сүрөтүн жарыялады

Анализ: АКШны кооптондурган сыноолор

Лора Бикер, Би-Би-Синин Сеулдагы кабарчысы

Өткөн аптадагы ракета сыноолоруна көп деле маани берилген эмес. Бирок баллистикалык ракеталарды сыноо БУУнун Коопсуздук кеңешинин санкцияларына каршы келет.

АКШнын мурдагы президенти Трамп 2018-жылы Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолукканда, Пхеньян континент аралык баллистикалык ракеталарын (өзөктүк дүрмөтү бар ракеталарды) сынабайт деген келишимге жетишкен. Анда Вашингтон чакан ракеталардын сыналышына көңүл бурган эмес.

Эми президент Байден Жапония менен Түштүк Кореяга барып, "Америка эл аралык аренага" кайтып келди жана өнөктөштөрүн колдойт деген убада берди. Ошондон улам Байдендин администрациясы түндүк-чыгыш Азиядагы АКШнын өнөктөштөрүнө коркунуч түзгөн куралдарга дагы каршы чыгышы мүмкүн.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Байден Ким Чен Ын менен сүйлөшүүгө барабы?

Вашингтон Пхеньяндын мындан дагы кубаттуу куралдары бар экенин жакшы билет. Алар 2017-жылдан бери сыноодон өткөрүлө элек.

Түндүк Корея бир жылдан ашуун убакыттан бери өзүн изоляцияда кармады. Коронавирус пандемиясынан улам Пхеньян жакын өнөктөшү саналган Кытай менен соода алакасын дагы токтотту. Ошондон улам өлкөнүн экономикасы сазга батканы айтылып келет.

Эми кайрадан ракеталарын сынаган Ким Чен Ын, Вашингтондун көңүлүн буруу үчүн эмнеге даяр деген суроо чыгууда.

Жапониянын расмийлери Түндүк Кореянын баллистикалык ракеталары бейшемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00 атылып, 420 жана 430 чакырым учканын маалымдады. Ракеталар Жапониянын атайын экономикалык аймагы саналган территорияга түшкөн. Аймакта кеме же учактар жок болгон.

Түндүк Корея акыркы жолу бир жыл мурун баллистикалык ракеталарын сынаган. Анда Ким Чен Ын менен АКШнын мурдагы президент Трамптын мамилеси бузулган эле.

Байдендин администрациясы Түндүк Корея менен байланышка чыгууга аракеттенгенин, бирок андан натыйжа чыкпаганын жарыялагандан кийин Пхеньян сыноолорун өткөрдү.