Кытайдын Жакынкы Чыгыштагы таасири: Бээжин менен Тегеран келишимге кол койду

  • Жереми Боуэн
  • Би-Би-Синин Жакынкы Чыгыш боюнча редактору
Chinese Foreign Minister Wang Yi and Iranian Foreign Minister Mohammad Javad Zarif bump elbows during the signing ceremony of a 25-year co-operation agreement in Tehran, Iran (27 March 2021)

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И жана Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф кызматташуу келишимине кол койду

Кытай менен Иран стратегиялык кызматташуу боюнча келишимге кол койду. Макулдашуунун так беренелери жарыяланган жок. Бирок серепчилер мындан ары Бээжин АКШнын санкцияларына карабастан Ирандан мунай сатып алат деп жоромолдошууда.

Ирандын экономикасы Вашингтондун санкцияларынан улам сазга батып, мамлекетке чет өлкөлүк инвестициялык дээрлик келбей калган. Ал эми Кытай "Бир алкак - бир жол" долбоорун кеңири жайылтып, глобалдык держава катары Жакынкы Чыгыштагы таасирин бекемдөө аракетинде.

Алгач айрым ирандыктар Кытай менен стратегиялык кызматташуу келишиминен шек санаган. Өткөн жылы бул макулдашуунун айрым бөлүмдөрү жарыяланып кеткен эле. Жергиликтүүлөр "Бир алкак - бир жол" долбоору биринчи кезекте Кытайдын кызыкчылыгын коргоп жатканын айтышкан. Андан тышкары чакан, өнүгүп келе жаткан айрым мамлекеттер Кытайга карызын төлөй албай, бир топ кыйынчылыктарга дуушар болгонуна дагы ирандыктар күбө болду.

Иран дүйнөдөгү чоң мамлекеттердин бири жана табигый ресурстарга бай мамлекет. Андан дагы маанилүүсү, Иран тышкы саясатта Батыштын көз карашына кошулбайт.

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

АКШнын санкцияларынан улам Иранга чет өлкөлүк инвесторлор келбей калган

Тегеран Кытай менен келишимге жетишип, Вашингтонго альтернатива бар экенин эскертип жаткандай. Буга чейин Иран менен АКШнын жаңы бийлиги өзөктүк долбоор боюнча келишимге кайтып барууга даяр экенин билдиришкен. Тарыхый саналган бул макулдашуудан АКШнын мурдагы президенти Трамп 2018-жылы бир тараптуу чыгып кеткен. Анда келишим Ирандын өзөктүк куралга жетүүсүн чектебейт деген жүйөө келтирилген.

Президент Байден болсо макулдашууга кайтып барууну каалайт. Бирок эки өлкө тең биринчи кадамды жасоодон карманып турат.

Кытай дагы Ирандын өзөктүк долбоору боюнча келишимине кол койгон. Эки өлкөнүн жаңы макулдашуусу Иранга АКШдан көбүрөөк жеңилдиктерди талап кылууга жол ачат.

Президент Байден, мурдагы АКШнын лидерлериндей эле Жакынчы Чыгыштын ордуна стратегиялык саналган Азия-Тынч океан регионуна басым жасап жатат. Бирок тарых улам далилдегендей, АКШнын Жакынкы Чыгышта өтө эле көп кызыкчылыктары бар. Аларды узакка унутта калтыра албайт. Демек, Иран жана бул өлкөнүн өзөктүк долбоору АКШнын назарынан алыстабайт. Тегеран болсо өзөктүк долбоору тынч максатта экенин улам белгилеп келет.

Эми АКШнын башка регионго басым жасап жатканын байкаган башка державалар, Жакынчы Чыгыштагы аракеттерин күчөтүүдө.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кытайдын тышкы иштер министри Перс булуңундагы башка мамлекеттерге, анын ичинде Бириккен Араб Эмирлигине дагы барды

Мисалы, соңку жылдары Орусия мурдагы совет доорундагы стратегиясын кайра жандандырып, Сириядагы окуяларга кийлигишти. Кытай болсо келечекте АКШнын таасири басаңдайт деген пикирин бир нече жолу жарыялаган. Анын ордун Кытай ээлейт деген дагы ойлор бар. Мындай держава Жакынчы Чыгыш сыяктуу регионго сөзсүз көңүл бурат.

Кытай бир гана Иран эмес, Перс булуңундагы мамлекеттер менен стратегиялык кызматташууга жетүүнү көздөйт.

Кытайдын Коммунисттик партиясына таандык China Daily гезити министр Ван И Жакынкы Чыгышта "коопсуздук жана туруктуулук" орнотуу үчүн беш бөлүктөн турган долбоорун тартуулаганын жазды. Анын ичинде Палестина-Израил тынчтык сүйлөшүүлөр, Ирандын өзөктүк долбоору жана региондогу коопсуздук пайдубалы камтылган.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кытай 2017-жылы тарыхында биринчи жолу чет өлкөдө, Африкадагы Жибути мамлекетинде аскердик базасын ачкан

Батыш мамлекеттери деле Жакынкы Чыгышта туруктуулукту орнотуу үчүн Кытайдыкына окшош долбоорлорду жарыялап келишкен. Өзгөчө АКШ, кансыз согуш доорунан кийин регионго таасир этип келет. Жада калса Европадагы өнөктөштөрүнүн кийлигишүүсүн дагы чектегени белгилүү.

Кытай 2017-жылы чет өлкөдө биринчи аскердик базасын ачты. База Жибутиде жайгашкан жана Кытайга Кызыл деңизге, дүйнөдөгү маанилүү соода жолун көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт. Андан дагы кызыгы Бээжиндин аскердик базасы АКШнын Африкадагы эң ири аскердик базасынан 10 чакырым аралыкта гана жайгашкан.

Эми серепчилер Кытай Африкага окшош тактиканы Иранда колдонот деп жоромолдошууда. Иранда аскердик база куруу аркылуу Кытай Перс булуңуна чыгууга мүмкүнчүлүк алып, АКШнын деңиз күчтөрүнө атаандаштык түзөт.

Дал ошол себептен Жо Байден тез арада Иран менен келишимге кайтып барууну көздөшү ыктымал. Себеби Кытайдын дүйнөдөгү эң туруксуз саналган региондо таасирин күчөткөнү, АКШга Иран түзгөн коркунучтан дагы олуттуу саналышы ыктымал.