Covid-19: Орусияда үчүнчү толкунга даярдык, Казакстан "кызыл зонада"

москва

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Орусиянын саламаттыкты сактоо тармагындагы жетекчилер Covid-19 үчүнчү толкуну тууралуу бир пикирде эмес.

Министр орун басары Татьяна Семенова соңку көрсөткүчтөрдөн улам үчүнчү толкун реалдуу деп айтканын "Ведомости" жазып чыккан. Бирок Саламаттыкты сактоо министри орун басарынын айткандарына дароо түзөтүү киргизди. Бул тууралуу айтууга али эрте, илдетке кабылгандар көрсөткүчү күн сайын төмөндөп жатат деди министр.

Деген менен Семенова үчүнчү толкунга карата даярдыктар жүрүп жатканын айтууда. Анын айтымында айрым ири шаарларда вирусту жугузуп алуу коркунучу өтө жогору болуп турат. Бийлик эмдөөдөн улам калк арасында "имммундук катмар" пайда болуп калганына ишеним артууда. Майга барып 60 пайыз москвалыктарда антитулку пайда болуп калат.

Эксперттер үчүнчү толкунду алдын алуу үчүн өлкө калкынын төрттөн бирин эмдөөдөн өткөрүү керектигин белгилеп жатат.

Казакстан

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Алматы шаарында коронавирустун жаңы штаммы катталган

Шейшембиде Казакстан Covid-19 жайылышы боюнча "сары зонадан" "кызылга" өттү. "Сары зонада" 1-февралдан бери турган эле. "Кызыл" вирус өтө тездик менен жайылып жатканынан кабар берет. Алматы шаарында коронавирустун жаңы штаммы катталган.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга баасын берген Коомдук саламаттыктын улуттук борборунун маалыматы боюнча "кызыл зонага" Нур-Султан, Алматы, Атырау шаарлары, ошондой эле Батыш Казакстандагы аймактар кирди.

"Сары зонада" Алматы облусу, Актөбө, Караганды облустары кирди. Өлкөнүн калган аймактары "жашыл зонада".

Казакстанда 17 аймак бар. Анын ичинен 14 облус, републикалык маанидеги үч шаар: Нур-Султан, Алмата жана Чымкент.

Пандемия башталгандан бери Covid-19 илдетинен 3 миң 713 адам көз жумду.

Алматыда 21-28-мартка чейин карантин чектөөлөрү киргизилген эле. Бирок аны кайра апрелдин ортосуна чейин узартышты. Соода борборлору, кийим-кече саткан базарлар толук жабылган. Кафе жана ресторандар үйгө жеткирүү кызматын гана көрсөтүүдө. Коомдук транспорт белгиленген сааты менен гана иштеп жатат.

Кыргызстан

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Апта башында Кыргызстанда жапырт эмдөө өнөктүгү башталды. Бул өлкөнүн баш калаасында коронавирус жуктуруп алгандар саны кайра көбөйүп жаткан учурга туш келди. Өкмөт баш калаадагы балдардын оюн-зоок жайларын убактылуу жапты. Ошондой эле бир нече өлкө менен авиакаттамдарын убактылуу токтотту.

Коңшу өлкөдөн коронавирустун жаңы штаммы катталганы бир топ чочулатып жатат. Бүгүн парламентте өкмөт коронавирус боюнча абал тууралуу маалымат берет деп айтылган.

Өткөн жылы вирустун жайылышы күчөгөн маалда өкмөттүн даярдыгы чабал экени ачыкка чыгып, элдин кыжырдануусун жаратканы бар.

"Коронавирус менен күрөштө элдин салымы чоң болду. Кырдаал курчуган июль, августтарда эле эл чоң жүктү көтөрүп кетти, канчалаган дарыларды салып жатты. Ар бир киши үйдө болгон нерсесин башкалар менен бөлүштү, тамак-аштан жардам берди. Бийлик көтөрө албай калган нерсени, эл жасады. Бийлик элди алдап, оңой эле өтүп кетет деп ойлосо керек. Бийликтин даярдыгы такыр жок болчу",-дейт өткөн жылдарга сереп салган медицина тармагы боюнча эксперт Айбар Султангазиев.

Бул жолу кыргыз өкмөтү кырдаалды көзөмөлдөп жатканын ишендирүүдө.

"Мына эми коронавируска каршы күрөшүп баштаганыбызга жыл айланды, былтыркыдан сабак алдыкпы? Кудай анын бетин ары кылсын, бирок коронавирус кайта күчөп баштаса, быйылкы даярдыгыбыз былтыркыдан дурус болуп чыгабы?",-деп суроо салат маалымат технологиялары боюнча эксперт Чоробек Сааданбек.

"Коронавирустун капшабынан улам экономикабыз эңшерилди. Кыргызда жакыр жашагандардын саны дагы 700 000 көбөйүп, жалпысынан 31% (2 млн+) же ар бир үчүнчү кыргыз жараны жакырчылыкта жашап калды. Карапайым калктын, анын ичинде мигранттардан келген, эмгек кирешелери азайгандыктан улам, кризистик абал пайда болуп калса, элдин былтыркыдай бири-бирине көмөктөшүү мүмкүнчүлүгү кыйла эле кесилип калды. Ошондуктан карантиндик чектөөлөрдү киргизебиз десек, эңшерилген экономиканы дагы эске алышыбыз керек. Социалдык жарылуу болуп кетүү ыктымалдыгы дагы пайда болгонун боолгосок болот",-деди Ч.Сааданбек. Анын бул тууралуу макаласын бул жерден окуңуз: