Жамааттык иммунитетке жетүүгө канча убакыт талап кылынат?

Some vaccine being drawn from a vial into a syringe

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жапырт эмдөө жараянын бир нече көйгөй тоскоолдук жаратууда

"Вакцина пандемияны жеңүүдө үмүт берди",-деп айтты Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Гебрейесус.

"Бирок дүйнөнү коргоп калуу үчүн вакцинаны сатып алууга кудурети жеткен мамлекеттер эле эмес, баарыбыз эмделишибиз керек",-деп кошумчалады Гебрейесус.

Вакцинаны дүйнөнү мурдагы нукка алып барууда чоң роль ойнойт. Бирок вакцинаны жеткирүүдө бир нече тоскоолдуктар чыкты.

Мисалы, айрым мамлекеттер бири-бири менен атаандашып, вакцина чыгар замат өзүнө керектүү көлөмдөн дагы көп санда буюртма берди. Ошондон улам "вакцина улутчулдук" деген термини пайда болуп, кедей өлкөлөр кезектин эң артына туруп калды.

Ушул тоскоолдуктарды эске алганда, глобалдык жапырт эмдөө жараяны качан жыйынтыкталат?

Жапырт эмдөө жараяны кандай жүрүп жатат?

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Гебрейесус вакцина пандемияны жеңүүдө маанилүү экенин айтып келет

Covid-19 вирусуна каршы жапырт эмдөө жараяны көптөгөн мамлекеттерде башталды. Бирок айрым өлкөлөргө вакцина аз санда гана жеткирилди.

Учурда Our World in Data (OWID) уюмуна ылайык, 138 мамлекетке 565 миллион доза вакцина жеткирилип, 13,9 миллион доза бейтапка сайылды. Дүйнө калкы 7,8 миллиард экенин эске алганда, азыркы учурда дүйнө калкынын 7,2 пайызы гана вакцина алды.

Эгерде жапырт эмдөө жараяны ушундай ылдамдык менен кете берсе, ал үч жылда гана жыйынтыкталат. Вакцина аралыгы менен эки жолу сайылышы керек экенин эстен чыгарбайлы. Ошондо Economist Intelligence Unit (EIU) уюмуна ылайык, өнүккөн өлкөлөрдө жапырт эмдөө 2022-жылдын ортосунда жыйынтыкталат. Ал эми жакыр мамлекеттер 2024-жылы гана эмдөө жараяны жыйынтыкталат.

Кайсыл вакциналар колдонулуп жатат?

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Бай мамлекеттерде жапырт эмдөө тез жүрүп жатат

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавируска каршы вакцина катары алгач Pfizer-BioNTech вакцинасын каттоодон өткөрдү. Бул вакцина АКШ жана Европа Биримдигинде кеңири колдонулууда.

Анын артынан эле көптөгөн мамлекеттер Moderna, AstraZeneca, Орусиянын "Спутник V" жана Кытайдын Sinopharm менен Sinovac вакциналарын колдоно башташты.

Жакын арада Johnson & Johnson компаниясынын Janssen вакцинасы жана Novavax аттуу вакцина текшерүүдөн өтүп жатат. Учурда дүйнөдө 200дөн ашуун коронавируска каршы вакцина лабораториялык сыноодон өтүп жатат. Эгерде сыноолор ийгиликтүү болсо, жапырт эмдөө жараяны тездейт.

Израиль жана Британия сыяктуу мамлекеттерде вакцина вирустун жайылышын токтотуп, ооруканаларга кайрылгандардын санын азайтканын көрсөттү.

"Вакцина улутчулдугу" деген эмне?

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Францияда вакцина алууга кезекте турган жарандар

"Вакцина улутчулдугу" мамлекеттин өзүнө жетиштүү көлөмдөн көп вакцина сатып алуу аракетин билдирет.

Көптөгөн бай мамлекеттер фармацевтикалык компаниялар же дары-дармек чыгарган өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, өзүнө керектүү дозадан көп вакцина сатып алган.

Мисалы, Канада калкынын санынан беш эсе көп вакцинага буюртма берген. Ал аз келгенсип, АКШ ашкан AstraZeneca вакциналарын бул өлкө жөнөтүүгө макул болгон. Британия дагы дал ушундай кадамга барды. Wellcome уюмунун башчысы Жереми Фаррар, өлкө эки эсе көп вакцинага буюртма бергенин ашкереледи.

"Өзүбүздүн гана чек арабыздын ичинде эмне болуп жатат деп тайыз ойлонуп жатабыз. Бул вакцинаны баары Британияда колдонулбайт, ошондуктан аны бөлүшүү туура болот. Мен бир гана этика жөнүндө сөз кылган жерим жок, бул экономикага жана илимге негизделген пикир",-дейт ал.

Европа Биримдиги дагы өз жарандарына вакцина жеткиче, экспортко тыюу салуу жөнүндө сөз кылып жатат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Канада калкынын санынан беш эсе көп вакцинага буюртма берди

Ошондо бай мамлекеттер вакциналарды кампаларына катып алып, кедей мамлекеттерге вакцина убагында жетпей калат. Адистер мындай саясат пандемияны узартып, экономикалык кыйынчылыктарга алып барарын улам белгилеп келишет.

Вакцина коронавирустун мутацияланган түрү менен күрөшөбү?

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Африка мамлекеттери ДССУнун Covax программасы аркылуу вакцина аларына үмүттөнүп жатат

Вирус аман калуу үчүн улам өзгөрүп турат. Буга окумуштуулар даяр болчу. Өзгөрүүлөрдүн көбү адамга эч коркунуч жаратпайт. Бирок сейрек учурларда вирус мутацияланып, тез жайылып же кубаттурак болуп калышы ыктымал. Мисалы, Британия, Бразилия жана Түштүк Африкада аныкталган вирустун жаңы түрлөрү.

Азырынча бул вирустар кубаттуурак дегенге эч далил жок жана вакцина вирустун жаңы түрү менен натыйжалуу күрөшүп жатат. Бирок Covid-19 вирусу жайыла берсе, вирустун улам жаңы мутацияланган түрү пайда боло берет. Демек, коронавирустун азыркыдан кубаттуу түрү пайда болушу ыктымал.

Андай учурда деле даяр вакцинаны бир аз өзгөртүп коюу жаңы вакцина чыгаргандан көрө кыйла жеңил. Буга бир нече апта же ай кетиши ыктымал.

Вакцинага шек санагандар көп болуп жатабы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Германияда вакцинага ишенбей жаткан тургундар көп болуп жатат

Вакцинадан баш тарткандар глобалдык саламаттыкты сактоого, жамааттык иммунитетке жетүүгө коркунуч жаратышы мүмкүн. Мындай көрүнүш бай жана кедей мамлекеттерде байкалууда. Мисалы, Франция менен Жапонияда жетиштүү вакцина бар болсо деле, калктын жарымы вакцина алгысы келбейт.

Германия менен Италия AstraZeneca вакцинасы тромб пайда кылат деген жүйөө менен анын колдонуусун чектеди. Бул эки мамлекетте вирустун жайылышынын үчүнчү толкуну байкалып жатат. ДССУ атайын изилдөө жүргүзүп, AstraZeneca вакцинасынын тромб пайда болгонуна тиешеси жок экенин аныктаган.

Бай мамлекеттерде вакцинага шек санап жатканы, кедей мамлекеттерде дагы байкалууда. Дал ушул себептен жапырт эмдөө жараяны бир нече жылга созулушу мүмкүн экени жоромолдонуп жатат.

"Мындай жагдай глобалдык экономиканын калыбына келишин жайлатат жана вирустун жаңы түрлөрүнүн пайда болушуна өбөлгө түзөт. Кайра башынан баштагандай болобуз",-дейт экономика боюнча адис Агата Демарис.

Жамааттык иммунитетке кантип жетебиз?

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Калктын басымдуу бөлүгүндө вируска каршы анти-тулку пайда болгондо жамааттык иммунитет жаралат. Ага негизинен эмдөө аркылуу жетүүгө мүмкүн. Мындай жагдайда вирустун жайылышы басаңдап, калкка коркунуч түзбөй калат.

Вирустун түрүнө жараша жамааттык иммунитетке жетүү дагы өзгөрүп турат. Маселен, кызамыкка жамааттык иммунитет пайда болуу үчүн калктын 95 пайызы вакцина алышы керек. Ал эми полиомиелит үчүн калктын 80 пайзы эмделиши шарт.

Covid-19 жаңы вирус болгондуктан, жамааттык иммунитетке жетүү үчүн калктын канча пайызы эмделиши керек экени белгисиз. Бирок адистер 70 пайыздын тегери деп жоромолдошууда.

Пандемия эки жылдан бери уланып жаткандыктан, айрым адистер бул көрсөткүч 70 пайыздан 90 пайыздын ортосунда экенин айтышууда.

Вакцина Covid-19 вирусун жок кылабы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Германия менен Италия AstraZeneca вакцинасын колдонбой калды

Британия өкмөтүнүн саламаттыкты сактоо багытындагы кеңешчиси, эпидемиолог Крис Уитти "Covid-19 вирусу жок болуп кетпейт" деп белгиледи.

"Адамзаттын тарыхында биз бир гана вирусту, чечекти жок кыла алдык. Анда дагы жапырт эмдөө жараяны көп жылга созулгандан кийин гана вирус жок болду",-деди ал.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жаңы Зеландия вирус менен натыйжалуу күрөшүп, 2020-жылы июнь айында бардык чектөөлөрдү алып салган

Ошондуктан окумуштуулар жапырт эмдөө абдан маанилүү экенин белгилешет. Антпесе Covid-19 вирусу мезгилге жараша улам кайтып келиши ыктымал. Лондондогу Империалдык коллежинин эпидемиологу Азра Гани болсо, вакцина адамдын өмүрүн сактап каларын жана алдыдагы вирустун жайылышына жана жаңы штаммдардын пайда болушу алдын аларын белгиледи.