Абактагы бир кишилик камерада олтуруу деген кандай? Нью-Йорк штаты тыюу салат

бир кишилк камера

2022-жылдын мартынан тарта Нью-Йоркто кылмышкерлерди бир кишилик камерада 15 күндөн ашуун кармоого тыюу салынат. Мындай тыюу АКШнын башка бир дагы штатында жок. Губернатор Эндрю Куомо кол койгон мыйзам жашы жете электерди жана кайсыл бир дарты бар кишилерди бир кишилик жайда кармоого тыюу салды.

"Абактагы жашоонун жийиркенте турган тарабы. Башы да, аягы да жок, бир гана акыл-эс бар. Бирок убакыт өткөндөн кийин ал дагы дагы аксап калат",-деп сүрөттөгөн Нельсон Мандела абакта камерда жалгыз олтурган абалды.

2015-жылы ал тарабынан жазылган эркинен ажыратылгандардын укугун коргоо боюнча эрежелерди БУУ кабыл алган. 2022-жылдын мартынан тарта Манделанын эрежелеринин бири америкалык Нью-Йорк штатында иштеп баштайт.

Би-Би-Си кабарчылары бир кишилик камерада абакта олтургандар жана алардын кайтаргандар менен сүйлөштү.

Кэнди Хейли, эки баланын энеси. Адам өлтүрүү боюнча айыпталып, үч жылга камакка алынган. Кийин андан айыптоолорду алып, абактан бошотушкан. Ал бир нече жолу өзүн-өзү өлтүрүүгө аракеттенген.

"Мен тозокко кабылдым. Камера сен 24 саатка камалып калган лифт сыяктуу эле",-дейт Нью-Йорктогу Райкерс абагында 2012-жылы түрмөнүн эрежелерин бузганы үчүн бир кишилик камерада кармалган Хейли.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кэнди Хейли

"Ал жерде өзүңдү кантип өлтүрүү тууралуу гана ойлоносуң",-деди ал.

Пандемияга чейин АКШнын абак жайларындагы бир кишилик камераларда 60 миңдей киши олтурган. Коронавирустун жайылып кетишин алдын алуу үчүн бир кишилик камераларды колдонгон практика жайылды.

Жалгыз камоо, же изоляция АКШда башында коркунучтуу кылмышкерлерди бөлүп кармоо үчүн колдонулган. Муну менен башкалардын коопсуздугуна кам көрүшкөн. Бирок Америкада жалгыз кишилик камералар дайыма эле ушул максатта колдонула бербейт. Чынында абак жайдын эрежелерин бузгандарды алып келип камашат. Психикалык ооруга кабылгандар дагы ушундай жайда узак мөөнөткө кармалган учурлары бар.

Жалгыздап кармоо 1980-жылдары АКШда өтө кооптуу практика деп саналган. Бирок эки жылдан кийин, тагыраагы 1983-жылы Иллинойс штатындагы абакта эки түрмө сакчысы өлтүрүлгөн окуядан соң мындай жаза масштабдуу колдонула баштады. Коркунучтуу саналган кылмышкерлерди ушундай жайда кармай башташты.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Гомер Вентерс, Нью-Йорктун абак жай системасынын мурдакы башкы дарыгери

Жалгыз камерада кармоо олуттуу психикалык бузулууга алып келет деген ынанымдуу медициналык далилдерге карабастан бул практика азырга чейин кеңири колдонулат дейт Нью-Йорктун абак жай системасынын мурдакы башкы дарыгери Гомер Вентерс.

"Бизде кулагына бирдемелер угулуп, көзүнө ар нерсе көрүнгөн бейтаптар көп эле. Анткени алар жалгыз кишилик камерада олтуруп, адамга тиешелүү жашоонун бардык элементтеринен ажырап калган кишилер болгон",-деп түшүндүрөт доктор Вентерс.

Адам өлтүрүү кылмышы менен соттолгон Билли Блейк 34 жылдан бери Нью-Йорк штатынын түндүгүндө абакта олтурат. Жалгыздыктан жинди болуп кетишиме аз калды деп айтып берди ал.

"Кишилер акыры акыл-эсин жоготоордун алдында артка-алдыга чайпала баштаарын көрдүм. Ошондой абалга жетип калганымда өзүмдү колго алдым. Токто! Өзүмө буйрук кылдым. Муну жинди кишилер жасайт. Демек, сенин кийинки кыла турган нерсең - заң менен ойноо же полго сийүү. Мен ошондой абалга түшүп калышты каалаган эмесмин",-дейт Блейк.

АКШда жалгыз камерага камоону сот менен абак жайдын администрациясы чечет. Кээде буга эркинен ажыратылган кишинин өмүрүн сактоо үчүн дагы барышат.

Иликтөөчүлөр абакта жалгыз кармалган кишилер башка эркинен ажыратылгандарга караганда өз өмүрүнө кол салууга алты эсе жакын болушат. Абактан бошогондон бир жылдан кийин дагы өзүн өлтүрүү коркунучу кала берет.

Бир кишилик камерадан олтуруп чыккандан бери алты жыл өткө дагы Кэнди Хейлинин мээсине ушул ойлор келе берет экен. Аны текшерип, оор депрессия жана травмадан кийинки бузулууну аныкташкан. Бир кишилик камерада күзөт кызматкери зордуктаган дейт Хейли.

Абакта жатып чыккандар бир кишилик камерада кармалгандарга күзөтчүлөр өтө катаал мамиле кылары көндүм көрүнүш дейт.

Эгерде бир кишилик камералар чоң кишилерди сындырып жатса, өспүрүмдөрдүн абалы кандай болот?

Сүрөттүн булагы, Richard Ross Photography

13 жаштагы Солан Петерсон мектептеги таштанды челектерге от коюп жиберген. Аны жашы жетелектерди кармоочу жайга алып келип, бир кишилик камерага камап коюшкан.

Атасынын айтымында бир нече күндөн кийин гана уулу менен жолугууга мүмкүнчүлүк беришти. Жалгыз камера аны сындырып койгонун көрдүм деди атасы. Жакында баласын бошото турганын айтышкан. Бирок дагы беш күндөй бир кишилик камерада кармалып турду.

"Түнкү саат экиде мага чалып, уулум көз жумганын айтышты",-деди атасы. 13 жаштагы өспүрүм өз өмүрүнө кол салган.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Солан Петерсон

АКШнын федералдык түрмөлөрүндө жашы жетелектерди жалгыз камерада кармоого тыюу салынган. Бирок көптөгөн мамлекеттик жана жергиликтүү абак жайларда буга жол берип келишет.

Жалгыз камерада узак кармоого тыюу салуу боюнча чечим түзөтүү мекемелериндеги айрым кызматкерлердин каршылыгына кабылды. Бул абактагы зордук, зомбулукту күчөтөт дейт алар.

"Бизге абактагыларга катаал мамиле кылган монстрдын репутациясын ыйгарып келишет. Башкаларды майып кылып, союп, кызматкерлердин ден-соолугуна, өмүрүнө коркунуч жараткандар кылмышкерлерге кандай чара көрүшүбүз керек",-дейт абак жай кызматкерлеринин бири.

Вентерстин айтымында мунун альтернативасы бар. Ал суткасына 23 саат кармоо дейт.

"Мен эркинен ажыратылгандарды күнүгө бир нече саат сейилдөөгө алып чыккан көптөгөн абак жайларды көрдүм. Алар программалоо менен алектенип, ал тургай бири-бири менен баарлашса болот. Бирок мунун баарында коопсуздук эрежелери катуу сакталат",-дейт ал.

Нью-Йоркто 34 жылдан кийин Билл Блейкти бир кишилк камерадан чыгара турган болушту. Ал эми башкалар менен чогуу болот. Бирок өлкөнүн булуң-бурчунда ал сыяктуу бир кишилик камерада узактан бери олтургандар миңдеп саналат.