НАСА окумуштуулары астероиддин Жерге коркунучу тууралуу

астероид

Сүрөттүн булагы, NASA

НАСА окумуштуулары кооптуу деп саналган Апофис астероиди Жерге жакындаган жок жана кеминде 100 жыл эч кандай коркунуч жаратпайт деген тыянакка келди.

Байыркы египеттиктердин караңгылык жана хаос кудайынын ысымы менен аталган Апофис биздин планета үчүн эң эле коркунучтуу астероиддердин бири саналып келген. Аны 2004-жылы ачышкан эле.

Буга чейин окумуштуулар аны Жерге 2029-2030-жылдар аралыгында жакын келиши мүмкүн деп божомолдогон. Бирок бул эсептөөлөр так чыккан эмес. Жакынкы күндөргө чейин эле кооптуу мезгил 2068-жылга туура келиши мүмкүн деп жоромолдонгон. Бирок НАСАнын жаңы иликтөөсү мындай божомолду жокко чыгарды.

Апофистин узундугу болжолу 40 метр - үч футбол аянтына барабар. 5-мартта ал Жерден алыс аралыкта учуп өттү - 17 млн км.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Апофистин байыркы египеттик китептеги иллюстрациясы

Жаңы радиолокациялык байкоолор Күндүн тегерегинде кыймылдап жүргөн астероиддин орбита эсебин алууга жардам берди. Муну менен алдыдагы жүз жылда боло турган кыйроону жокко чыгарды.

НАСА өкүлү Давид Фарноккиа окумуштуулар чукул арадагы коркунучтардын тизмесинен бул астероидди чийип салганына кубанычта экенин айтты. Алдыда дагы байкоо жүргүзүү иштери уланат.

НАСА Жерге кооптуу аралыкка жакындашы мүмкүн болгон асман телолорун көзөмөлдөп келет. Америкалык окумуштуулар аларды "Потенциалдуу кооптуу астероиддер" (Potentially Hazardous Asteroids, PHA деп аташат.

Алар Жорж Лукастын "Жылдыздар согушу" тасмасындагы роботтордун аты менен белгиленген.