Covid-19 психиканын бузулушуна алып келет

мээ

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Covid-19 илдетинен айыгып чыккан 230 кишинин катышуусунда өткөн изилдөөнүн жүрүшүндө оорудан кийинки алты айдын ичинде бейтаптардын ар бир үчүнчүсү мээнин иштөөсүнүн бузулушу же психикалык бузулуу симптомдоруна кабылышкан.

Ушул маалыматтарга таянып Оксфорд университетинин окумуштуулары пандемиянын кесепетинен неврологиялык көйгөйлөрдүн толкуну жаралышы мүмкүн экенин эскертти.

Изилдөөчүлөр 14 түрдүү психикалык бузулууну аныкташты. Алардын ичинен эң көп тараганы - депрессия, тынчсыздануу, маанайдын чөгүшү. Айрым учурда ковидден кийинки инсульттар (7% оор бейтаптар) жана деменциянын баштапкы белгилери (2%) байкалган. Бул абалды дагы эстен чыгарууга болбойт дейт окумуштуулар.

Азырынча окумуштуулар коронавирус кишинин нерв системасына кандай таасир этерин так аныктай элек.

Изилдөөнү британдык жана америкалык адистер биргелешип өткөрдү. Изилдөөгө катышкан ыктыярчылардын көбү АКШ жарандары.

Бул мындай тыянак чыгарган биринчи иликтөө эмес. Өткөн жылы окумуштуулар тобу Covid-19дан кийин бейтаптардын 20 пайызы психикалык көйгөйлөрдү башынан өткөрө турганын айтып чыккан эле. Жаңы иликтөөгө ылайык ооруп айыккандардын 35 пайызында ушул көйгөй жаралган.

Lancet журналына жарыяланаган иликтөөдө авторлор муну өтө тынчсыздандырган динамика катары көрсөткөн. Маселени дагы изилдеп чыгып, чара көрүү зарыл. Мындан ары коронавирусту бир гана респиратордук инфекция деп эсептөөгө болбойт дейт окумуштуулар.