Тажикстан: Рахмон Ворухка сапарында чек ара маселесин козгоду

Эмомали Рахмон

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Тажикстандык басылмалар президент Эмомали Рахмон жумушчу сапары менен Ворухка келгенин жазышты.

Мамлекет башчынын катышуусу менен Исфарада бийиктиги 50 метрдей туу көтөрүлдү деп жазды Sputnik Тажикстан. Согдий облусуна болгон жумушчу сапары учурунда Рахмон Ворухтагы маданий көңүл ачуу жайын жана спорт комплексинин ачылышына катышкан.

Жергиликтүү тургундар менен жолугушуу маалында Рахмон чек ара тактоодо Ворухту алмашуу тууралуу сөз болбошу керек деп айткан.

"Кыргызстан менен чектеш жайгашкан Исфара шаары биздин элдердин ортосундагы достук жана жакын коңшулук мамилелерди чыңдоодо маанилүү ролду ойнойт",-деген Рахмон.

Ал аймак тургундарынын негизги маселеси чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо болуп саналарын белгилеп, Кыргызстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканына токтолгон.

"Комиссиянын 19 жылдык ишмердүүлүгүнүн натыйжасында 519,9 км чек ара тилкеси аныкталып, макулдашылды жана мамлекеттик чек ара боюнча келишимдин долбоору кол коюуга даярдалды. Кыргыз тарап менен түзүлгөн макулдашууга ылайык, келишимге 2016-жылдын май айында кол коюлушу керек болчу. Кыргыз тараптын сунушу менен биз бул документти Тажикстан өкмөтүндө карап, анын ички жол-жоболорун бүтүрдүк. Бирок, Тажикстандын көз каранды болбогон себептерден улам, макулдашылган аймак боюнча келишимге кол коюла элек. Тажик өкмөтү Кыргызстан менен чекараны аныктоо жол-жоболорун тез арада ишке ашырууга кызыкдар. Эгерде бул документке кол коюлса, анда мамлекеттик чек аранын жарымынан көбү делимитацияланат. 19 жылдан бери Ворухту башка аймак менен алмаштыруу маселеси болгон эмес жана болушу мүмкүн эмес",-деп Рахмондун айткандарын президенттин расмий сайты жазды.

"Эл аралык мамилелердин тажрыйбасы көрсөткөндөй, коңшулар менен мамиле эки тараптуу урмат-сыйга, толеранттуулукка жана тараптардын улуттук кызыкчылыктарын урматтоого негизделиши керек. Ушуга байланыштуу, чек ара жана аймактык талаш-тартыштар, мамлекеттик чек араны координациялоо жана аны аныктоо маселелери татаал процесс экендигин, аларды чечүү көп убакытты жана күчтү талап кылаарын белгилей кетүү керек",-деп билдирген тажик лидери. Ал ошондой эле Ворухтун тургундарын коңшулар менен жакын мамиледе, ынтымакта болууга чакырган. Чек ара маселелери жалаң гана сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет деген Рахмон.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Ворух - Кыргызстандын аймагындагы тажик анклавы. Рахмондун сапары анклавка байланыштуу кыргыз расмийлеринин кайрылуусунан кийин жасалды. Буга чейин Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев чек араны такташууда Ворух анклавын башка жерлерге алмаштырууга кыргыз тарап даяр экенин тажик бийлигине сунушташканын айткан.

"Биринчи сунушубуз - анклавды мыйзамдуу түрдө чегин ченеп, анклавдын кеңейишин токтотобуз,- деген Ташиев. - Бирок анклавга өз аймагыбыздан пайдалануу үчүн гана, кирип-чыгууга Ак-Сайды айланып өтө турган жол беребиз. Экинчи сунушубуз - биз анклавды алмаштырганга даярбыз. Анын аянты болжолдуу 12 300 гектар. Ошончо жерди Лейлек, Баткен районунун башка жерлеринен бергенге даярбыз. Кайсы жерлер экени тууралуу да тизмени берип койдук. Тажик тараптан жооп келе элек".

Бирок анын сунушуна расмий Дүйшөнбү жооп бергенге чейин эле айрым тажикстандык саясатчылардын билдирүүлөрү коомдук сайттарда курч талкууларга жем таштады. Тагыраагы, Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифи 30-мартта "Фейсбукта" Ворух боюнча узун пост жазып, кыргыз тараптын сунушун сынга алды.

Бишкек менен Дүйшөмбү акыркы жылдары чек ара тактоо иштеринде орток пикир таба албай келет. Чек арадагы чыр-чатактардын көбү Ворухтун айланасында. СССР ыдырап, чек ара тактоо маселелери жаралганда эки тарап ар башка документти негиз катары колдонууга сунуш кылганы белгилүү.