Обама: "Айрин" бороону дагы да коркунучтуу

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

АКШнын президенти Барак Обама «Айрин» аттуу тропикалык бороондун Канаданы көздөй багыт алганына карабастан, өлкөдө суу ташкындоолору жана электр энергиясындагы мүчүлүштүктөр дагы да болушу мүмкүн билдирди.

Нью-Йоркко катуу сокку урат деп божомолдонгон «Айрин» бул шаардан «кеткенден» кийин президент Барак Обама коркунучтун дагы да уланып жатканын айтты. Анын айтымында, өлкөдөгө дарыялар ташкындап, өз нугунан чыгышы мүмкүн.

Нью-Йорктун төмөнкү райондорунан шашылыш эвакуацияланган 300 миңдей адамга үйлөрүнө кайтууга уруксат беришти. Табигый кырсыктан улам 18 адам каза таап, өлкө экономикасына катуу сокку урулду.

"Америкалыктардын басымдуу бөлүгү электр жарыгысыз калып же жакынкы күндөрдө дарыялардагы суунун ташкындоосунан жабыр тартышы ыктымал ", - деди АКШ перзиденти теле-кайрылуусунда. "Адамдарга үмүт бергим келет. Кайра куруу иштери улана бермекчи. Жабыр тарткан аймактардын тургундарына бийликтин жана жергиликтүү чиновниктердин көрсөтмөлөрүн аткарууга чакырмакчымын", - деди ал.

Би-Би-Синин Нью-Йорктогу кабарчысы Стив Кингстондун айтымында, камсыздандыруу акчаларын төлөө менен кайра куруу иштери үчүн миллиардаган доллар каражат керектелет.

Жамандык артта

АКШнын Ички коопсуздук министри Жанет Наполитано бийлик тарабынан алынган чаралар божомолдонгондон көп санда адам өмүрүн сактап калууга шарт түзгөнүн айтты.

Сүрөттүн автордук укугу AP

Би-Би-Синин Нью-Йорктогу кабарчысы Лора Тревельян бороондун эпицентри түндүктү карай багыт алганы менен Нью-Йоркто океан жээктериндег ташкындоолор азайып, Манхэттен менен жергиликтүү метрону суу каптабай калды.

Өзгөчө кырдаал Американын Түндүк Каролина, Мэриленд, Виржиния, Делавер, Нью-Джерси, Нью-Йорк жана Коннектикут штаттарында жарыяланган эле.

Нью-Йорк менен Нью-Джерсинин негизги аэропорттору болгон «Ла Гардиа», Жон Кеннеди атындагы абамайданы, «Ньюарк Либерти» өткөн аптанын ишембисинде эле жабылган.

Суу каптоо коркунучу

Мурда Нью-Йорк бийлиги элди эвакуацияга чакырса, кийинчерек бороондун алдында шаардын мэри Майкл Блумберг аларды үйүнөн чыкпоого чакырды. Мэн штатынан Леон Ризор «Шамал, бороон жакындап келе жатканы угулуп жатат. Аябай коркунучтуу.

Үйүбүзгө бороон менен кошо учкан нерселер тийеби деп коркуп жатабыз», - деди. Ал эми бороон Нью-Йоркко жакындап калганда шаардын мэри Блумберг буга чейин эвакуацияланбагандар үйүндө эле отурса жакшы болорун айтты.

Сүрөттүн автордук укугу BBC World Service

Бийлик айрыкча катуу жааган нөшөрдөн улам ташкындап кетеби деп Гудзон дарыясынан абдан коркушту. Бул дарыянын ташкынынан ылдыйкы Манхэттенди толугу менен суу каптап, Нью-Йорктун каржы борбору суу алдында калмак.

Табигый кырсыктан корккон 2 миллиондой адам Нью-Йорк жана Нью-Джерсидеги үйлөрүнөн качышты. Үйүндө калууну чечкен америкалыктар тамак-аш, суу жана отунду запастап алышты. Чыгыш жээктердеги супермаркеттерде тамак-аш запасы жок калганы билдирилген.

Ал эми Америка армиясы 200 жүк ташуучу машинеге тамак-аш салып, даяр турушту. Табигый кырсыктын кесепетин жоюуга 100 миң аскер катышмакчы.

.