Тажик мигранттарына кысым күч алууда

Тажик мигранттарынын түйшүгү оорлоду Сүрөттүн автордук укугу RIA Novosti
Image caption Тажик мигранттарынын түйшүгү оорлоду

Тажикстандык жүздөгөн мигранттар Орусиянын бир катар ири калааларынан депортацияланышы мүмкүн. Тажик бийликтери эгер мигранттар өз өлкөсүнө кайтып келишсе, аларды кайрадан Белорусияга жумушка орноштурууга даяр экенин айткан.

Орусиядагы Тажик мигранттарды кармоо жана депортациялоо иш-аракеттери өткөн аптада, Тажикстанда Орусиялык жана Эстониялык эки пилот чек араны бузганы үчүн деген айып менен көп жылга абакка кесилгенден кийин башталган. Дүйшөмбүдөгү расмийлердин айтымында, 11-16-ноябрь аралыгында Орусия 57 тажик атуулун өз өлкөсүнө кайтарган.

Ал ортодо, Орусиянын Думасы Тажикстан мигранттарынын маселесине удаа билдирүү таратты. Дума Тажик бийликтеринен пилоттор - орус атуулу Владимир Садовничий жана Эстон атуулу Алексей Руденкого чыгарылган сот өкүмдөрүн өзгөртүүнү талап кылган.

Ал эми Орусиянын саламаттыкты сактоо расмийи Тажикстандан келген мигранттарга өлкөдө калууга тыюу салынышы мүмкүн экенин билдирген.

Тажик мигранттары Орусиянын негизги калаалары Москва жана Санкт Петербургда кысымга алынып жатканын билдиришкен. Би-Би-Си Москвадагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашаган Тажик үй-бүлөсү менен жолугуп, өзүн Эльмира деп тааныштырган аял менен маектешкен.

Сүрөттүн автордук укугу BBC World Service
Image caption Тажикстандык мигрант Эльмира Москвада анын мекендештерине кысым күчөгөнүн айтты.

"Соңку учурларда тажиктерди эч кандай себепсиз эле текшерүүлөр болуп жатат. Москвага жакында эле келген сиңдимди тартип сакчылары документтеринин баары жайында болгонуна карабастан, бир суткага камап коюшту. Мурда мындай болгон эмес. Биз эми эшикке чыгуудан коркуп олтурабыз", - деди ал.

Орусия менен Тажикстандын ортосундагы мамиле өткөн аптада Тажикстан соту Орусиялык жана Эстониялык эки пилотту мамлекеттик чек араны бузган, учак моторун контробандалык жол менен алып өтүшкөн деген айыптар менен сегиз жарым жылга эркинен ажыраткандан кийин солгундап кетти.

Бул пилоттор март айында Афганистандан чакан учак менен келе жатышып, Тажикстанга май куюу учун токтогондо кармалганы маалым. Тажикстан тарап пилотторду Афганистандын өтүнүчү менен кармаганын билдиришкен.

Бул окуя эми Орусияда эмгек миграциясында жүргөн жүз миңдеген Тажиктердин жашоо-турмушуна таасир этүүдө.

Тажикстандын башкы прокурору пилотторго чыгарылган жаза жумшартылаарын жарыялады. Бирок, Орусиядагы тажик мигранттарына мамиле дагы өзгөрөбү, азырынча белгисиз.