Түндүк Корея учурган ракета океанга түштү

Спутникти учуруу Ким Ир Сендин 100 жылдык мааракесине карата пландалган эле. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Спутникти учуруу Ким Ир Сендин 100 жылдык мааракесине карата пландалган эле.

Жума күнү эртең мененки саат 07:39да Түндүк Корея учурган "Ынха-3" ракетасы океанга кулап, эларалык сындоону жаратты.

АКШ, Түштүк Корея жана Япониянын Коргоо министрликтеринин айтымында аталган ракета абага учурулгандан бир мүнөт өтпөй, Корей жарым аралынын жанына кулап түштү. Түштүк Корея Коргоо министрлиги анын калдыктарын издөө иштерин жүргүзүп жатат.

Франс пресс агенттиги Сеулдун басма сөзүнө таянып, Түндүк Кореянын расмий кабарлары ракетанын учурулганын жана кыйроого учураганын ырастаганын жар салды. Пхеньян азыр кыйроонун себептерин изилдөөдө деп айтылды.

Америка басма сөзү да ракета учкандан кийин абдан чоң жарылуу болгонун билдирди. Уча элек жатып кыйрап калса да бул окуяны эларалык коомчулук сындап жатат.

Бириккен Улуттур Уюмунун Коопсуздук кеңеши шашылыш жыйынга чогулду. Россиянын Тышкы иштер министрлиги да кабатырлануусун билдирди дейт Интерфакс. «Чоң сегиздиктин» курамына кирген өлкө лидерлери да Түндүк Кореянын бул максатын сындап чыгышкан.

Ал тургай ракета учуруу менен баллистикалык куралды сыноо болду деген шектер да бар. Бирок Түндүк Кореянын Илим министрлиги муну четке какты. Кытай тараптарды сабырдуулукка чакырууда.

Журналисттерге көрсөтүштү

Өткөн аптанын жекшембисинди Түндүк Корея бийлиги четэлдик журналисттерди ракета талаасына киргизген. Бул өлкөнүн мамлекеттик телеканалы болсо «Ынха-3» ракетасын ободон көрсөткөн.

Спутникти учуруу Ким Ир Сендин 100 жылдык мааракесине карата пландалган эле.

Япония менен Түштүк Корея алардын аймагына коркунуч жаратса ракетаны абадан кулатууга даяр экенин маалымдашкан. Түштүк Корея бийлиги спутниктен алынган сүрөттөргө таянып, Түндүк Кореяда өзөктүк куралды сыноо даярдыгы жүрүп жатат деди.

АКШ болсо Түндүк Кореяга азык-түлүк жардамын токтотту. Мындай чечим расмий Пхеньян жаңы ракетаны учуруу тууралуу билдиргенде алынган. Февралда эки өлкө ортосунда макулдашылган келишимге каршы кадам экенин АКШ моюндады.

Келишимге ылайык Түндүк Корея АКШнын азык-түлүк жардамын алып, өзөктүк программасы менен ракета учурууларын жарым-жартылай токтото турмак.