Өзбек мугалимдери туугандары үчүн иштен айдалды

Сурат Икрамов
Image caption Сурат Икрамов

Укук коргоо уюмдары таркаткан маалыматка ылайык Өзбекстандын Ташкент аймагындагы Паркент шаарында жетекчилер бир нече окуу жайдын мугалимдеринен кызматтан бошоо тууралуу арыз жазууну талап кылып, болбосо сот ишин ачабыз деп кысым кылышкан.

Бул мугалимдердин дээрлик бардыгынын диний айыптар боюнча камакка алынган туугандары бар. Өзбекстандык кабарчы Сурат Икрамов Би-Би-Сиге булдарды айтып берди:

Сурат Икрамов: Ташкенттен 25 чакырым алыстыкта жайгашкан Паркент деген шаардагы мектептерде 1-июндан тартып 14 окутуучу иштен бошотулган. Булардын баарынын жакындары камакта, издөөдө болгон.

Ошондуктан мектеп директоруна буларды жумуштан бошотуп бер деп Хасанов Мусхидин деген киши буйрук берген. Ошонун негизинде мектеп директорлору буларды жумуштан бошоткон.

Би-Би-Си: Бул окутуучулардын жакындары диний айыптоолор менен камалган же изделүүдө деп айыпталганы үчүн буйрук берилгени чынбы?

Сурат Икрамов: Буйрук оозеки болгон. Албетте окутуучулар деле эки айдан бери болуп жаткан бул иштерди тактоого аракет кылышкан. Баарысы өз ыктыяры менен арыз жазып жумуштан кетүүгө аргасыз болгон. Бул буйрукту ким берген деген суроону ошол иштен кетүүгө мажбур болгон окутуучулар коюшкан.

Бирок окутуу башкармалгынын башчысы Хасанов тарабынан буйрук оозеки болгондугун, бул буйрукту аткарышпаса аларга карата райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козгоолорун айтышкан. Ошондуктан айыпталып жаткан мугалимдер өз ыктыяры менен арыз жазып жумуштан кетүүгө аргасыз болушкан.

Би-Би-Си: Эмнени негизинде кылмыш иши козголушу мүмкүн деп эсептешкен?

Сурат Икрамов: Кылмыш ишин козгойм десе ар кай жактан кылмыш ишин козгошу мүмкүн. Муну мугалимдер өздөрү жакшы билишет. Булардын моюнунда кылмыш иши болбосо деле бизде аларга кылмыш ишин моюнуна илип коюшу кыйынга турбайт. Маселен, эч кандай кылмыш иштери болбосо деле диний агымга мүчө делген жалган айып менен Паркент шаарындагы №1 - мектептин директору 60 тан ашкан кишинин, №5 - лицейдин 39 жаштагы директорунун үстүнөн деле кылмыш иштери козголгон.

Азыр экөөсү камакта жатат. Биз ал жердеги мектеп жамааты менен сүйлөшкөнүбүздө алар деле бул көрүнүшкө аң-таң болушту. Булар эч кандай намаз да окушкан эмес мындан 10 жыл мурун №5 - мектептин директору бир-эки мерте намаз окугандыгы маалым болду.

Директорлук кызматка келгени андай намазга жыгылганы эч кимге маалым эмес. №1 - мектептин жетекчиси директорлук кызматта 30 жылдан бери иштеп, эң мыкты билим берүүчү мектепке айлантканын жергиликтүүлөрдүн баары тастыкташты. Анан ал киши эч кандай диний агымга аралашпаганын айтышты.