Майкл Андерсен: Өзбек бийлиги колдонгон ырайымсыз ыкмалар жөнүндө айталы дедик

2005-жыл, Анжиан окуялары
Image caption 2005-жыл, Анжиан окуялары

2005-жылы Анжиянда болгон кыргын жөнүдө "Өзбекстандагы кыргын" аттуу англис тилиндеги документалдык фильмди интернеттен миңдеген кишилер көрүп жатканын анын автору маалымдады. Тасманы даниялык журналист Майкл Андерсен менен "Малберри Медиа" компаниясы тарткан.

Бул фильм Анжиян кыргынынан кийинки куугунтуктан качып чыккан кишилер менен маектердин негизинде 7 жылдык иликтөө натыйжасында даярдалды. Автордун айтуусунда, фильмге катышкан, маалымат берген кишилер өзбек бийликтери тарабынан коркутууга, куугунтукка, айрымдары өлүмгө дуушар болгон. Би-Би-Си Майкл Андерсенди маекке тартып, жаңы тасманын тартылышы тууралуу маалыматтарды сураган.

Майкл Андерсен: Биринчи маселе - Анжиянда эмне болду деген суроого жооп издедик. Анткени окуя боюнча ар кандай версиялар айтылат. Өзбек бийликтери террорчулардын аракети болгон десе, окуянын күбөөлөрү миңге жакын кишилер, аялдар менен балдар кырылганын айтышат. Экинчиден, Батыштагыларга дагы, өзбек калкына дагы Өзбекстандын бийликтери колдонгон ырайымсыз ыкмалар тууралуу айтып берүүнү көздөдүк. Кыйноолор, сот иштери, кишилерди куугунтуктоо, чет өлкөдө жүргөн жеринен кармап кетүүлөр тууралуу деталдуу маалыматтарды камтыдык.

Анан албетте бул көрүнүштөргө Батыштын көз жумуп койгонун, кыргындын өзүн гана эмес, режимдин ырайымсыздыгын, мыкаачылыгын көрмөксөн болгонун билдирдик. Анжияндагы кыргынга таң калуунун кажети жок, анткени Ислам Каримов башынан эле ушундай мыкаачылыкка шыктуу, ырайымсыз киши болгонун билдиргибиз келди. Батыш болсо, Өзбекстан менен иштешип, жетекчи кызматтагы өкүлдөрүн жөнөтүп, Каримовдун көзүн карап турат. АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Өзбекстанга прогресс болду деп айтып отурат. Мындай артык кандай эки жүздүүлүк болушу мүмкүн!

Би-Би-Си: Өзүңүз айткандай санкциялар алынып, Батыш Каримовду союздаш кылып, унутулуп калганда Анжиян окуясынан бери 7 жыл өтүп өзбек режими маселе жабылды деп калганда эмне себептен бул темага кайрылдыңыз?

Майкл Андерсен: Биринчиден, биз жети жылдан бери материал чогултуп жүрдүк. Жүздөгөн саат интервьюлар, толгон токой маалвыматтар чогултулду. Батышта мындай фильмдерге карата кызыгуу анча чоң эмес. Карапайым эл бул өлко тууралуу көп билбейт, Өзбекстан андай маанилүү эмес. Колумда болсо ушунчалык маалымат турат. Бизге маек бериш үчүн канчасы жанын тобокелге салды, айрымдары кыйноого алынды, айрымдары өлтүрүлдү. Андыктан мен коркунучка баатырча төшүн тоскон адамдар алдында бул маалыматтарды жарыялоону милдетим деп сездим.

Жети жыл өтүп кетиптир, эч ким көңүл да бурбайт деп отургум келген жок. Саясый жагы да бар. Кыргындан кийинки бир нече жылда Каримовду жүдөтүмүш болушканы менен азыр андай эмес. НАТОнун Чикагодогу саммитине чакырышты, кийин Европанын чордонуна - Брюсселге чакырышты, жогорку өкулдөрүн жиберип жатышат. Башында кыргын жасаган диктатор, андан кийин дипломат, эми минтип Батыштын сүйүктүү досу болуп калган киши - ким экенин эске салуу үчүн да ынгайлуу учур болду.

Би-Би-Си: Фильмди кай жерлерде көрсөтөлу деп жатасыз?

Майкл Андерсен: Англис тилиндеги түрүн Европанын болушунча көп жерлеринде, балким Америкада дагы көрсөтүүнү пландап жатабыз. Эгер Ислам Каримов чакырса. Өзбекстанга алпарып көрсөтүүгө да даярмын. Эмики маселе, бул фильмди орус жана өзбек тилине которуу үчүн акча чогултуу. Жеке кишилерден, бей-өкмөт, эл аралык уюмдардан жардам сурап жатабыз. Фильм которулса аны акысыз эле Интернеттен көрүүгө беребиз.

Каримов бул фильмди көрүп, каап, мен мыкаачы болупмун деп кечирим сурайт деп күткөн жерибиз жок. Жок дегенде, 800 кишини кырган адам менен бир бөлмөдө отуруп, түшүндүрмө да сурап койбогон лидерлерибиз туурулуу батыштагылар ойлоноор, Анжиян боюнча көз карандысыз эл аралык тергөө жүрсүн, деген талап коюлаар деген үмүттөбүз.