BBC navigation

Алжирдеги барымта окуясында бүдөмүк жагдайлар

Соңку жаңыланышы: 18-январь, 2013 - 15:47 GMT
Бул аймак Алжирдин баш калаасынын түштүк-чыгышынан бир жарым миң чакырым, ал эми Ливиянын батышынан 60 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Бул аймак Алжирдин баш калаасынын түштүк-чыгышынан бир жарым миң чакырым, ал эми Ливиянын батышынан 60 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Алжирдеги расмийлер барымтага алынган алтымыштай чет элдик жумушчунун тагдыры белгисиз деп билдирди. Алжирдин мамлекеттик медиасы барымтадагы төрт жумушчу жана бир катар куралчандар көз жумганын кабарлаган.

Андан тышкары, куткаруу операциясы учурунда алты жүз элүүдөн ашуун жумушчу - негизинен алжир атуулдары бошотулганы билдирилди. Британия өз атуулдары тууралуу кабарлар бүдөмүк экенин айтууда.

Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон өлкөнү "жаман кабарлар" күтүп жатат деп белгиледи. Кэмерон барымта кризисине байланыштуу жума күнкүгө пландалган Голландия сапарын кийинкиге жылдырды. Бул жыйында Британ лидери Британия менен Европа биримдигинин мындан аркы карым-катышы тууралуу маанилүү билдирүу жасамак.

Британ премьери парламентте Алжирдеги кырдаалга байланыштуу куралчандарды айыптады. "Спикер мырза, биз буга ким күнөөлүү экенин так айтышыбыз керек. Кол салууга жана адамдардын өмүрүнүн кыйылышына террористтер жоопкер", -деп айтты ал.

17-январь түштөн кийин Алжирдеги жергиликтүү медиа газ кенин өндүрүү боюнча ишканада барымтага алынган 34 жумушчу каза тапканын кабарлаган. Ошону менен бирге 14 куралчан өлтүрүлгөнү айтылган. Алжир армиясы барымтадагыларды бошотуу операциясын бейшемби күнү таң эртеменен баштаган.

Бейшемби күнү жергиликтүү медиа он беш чет элдик жана отуз жергиликтүү жумушчу качып чыкканын кабарлаган эле. Бирок, расмийлер бул маалыматты ырастаган эмес. Алжир расмийлери барымтада жыйырмадай киши бар деп айткан. Куралчандар болсо, жергиликтүүлөрдү эске албаганда, кырк чет элдик атуулду кармашканын билдирген.

Аль-Каиданын Түндүк Африка тармагына байланашы бар делген топ газ кени комплексиндеги жумушчуларды шаршемби күнү барымтага алган. Алгач алар чет элдик жумушчуларды ташып бара жаткан автобусту токтотууга аракет кылышкан. Андан соң газ кени комплексине кол салышкан.

Кол салууга Мухтар Бельмухтар жетектеген куралчан топ жоопкерчилик алган.

Кол салууга Мухтар Бельмухтар жетектеген куралчан топ жоопкерчилик алган.

Бул аймак Алжирдин баш калаасынын түштүк-чыгышынан бир жарым миң чакырым, ал эми Ливиянын батышынан 60 чакырым алыстыкта жайгашкан. Кол салууга Мухтар Бельмухтар жетектеген куралчан топ жоопкерчилик алган.

Барымтадага алынгандардын арасында Британия, Франция, Америка, Норвегия жана Япон атуулдары бар экени атылган. Япониянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Наоко Саики Токиодогу өкмөт өз атуулдарынын коопсуздугуна тынчсызданып жатканын билдирген.

"Биз кармалган кишилердин өмүрүнүн коопсуздугуна жана албетте аларды куткаруу иштерине көңүл буруп жатабыз. Япония кишилерди барымтага алуу аракеттерин ар дайым айыптайт. Биз зордукчул талаптарга алдырбайбыз", - деген Япон расмийи.

Тектеш темалар

BBC © 2014 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.