BBC navigation

НАТО кетээр алдында афган аскерлери көбүрөөк бутага алынууда

Соңку жаңыланышы: 21-январь, 2013 - 15:49 GMT
Кабулдагы жол коопсуздугу боюнча полициясынын кеңсесине кол салган куралчандарга каршы операциясын аяктады.

Кабулдагы жол коопсуздугу боюнча полициясынын кеңсесине кол салган куралчандарга каршы операциясын аяктады.

Афганстан аскерлери Кабулдагы жол коопсуздугу боюнча полициясынын кеңсесине кол салган куралчандарга каршы операциясын аяктады. Дүйшөмбү күнү таң эртменен жанкечти бомбачы өзүн-өзү жардырып ийген.

Расмийлердин айтымында, кагылышууда беш согушкер жана үч полиция кызматкери набыт болду. Куралчандардын экөө кеңсенин ичине бекинип алып, коопсуздук күчтөрүнө бир нече сааттар бою каршылык көрсөткөн.

Афганстандагы эл аралык күчтөрдүн өкүлү генерал Гүнтер Кацтын айтымында, соңку окуялар НАТОдон өлкөдөгү коопсуздук көзөмөлун өткөрүп алууга даярданып жаткан афган аскерлери көбүрөөк бутага алына баштаганын көргөзүүдө.

"Соңку эки кол салуу - Афган өкмөтүк күчтөрүнө каршы жасалган чабуул болду. Биз так билбей жатабыз, азрынча жөн гана божомол болушу дагы ыктымал. Бирок, согушкерлер барга сайын Афганстандын коопсуздук күчтөрүн бутага алып жатканы айкын көрүнүп турат", - деди генерал Гүнтер Кац.

Тектеш темалар

BBC © 2014 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.