BBC navigation

Обама жүз миңдеген америкалыктардын алдында ант кармады

Соңку жаңыланышы: 21-январь, 2013 - 22:49 GMT
Ант берүүдөн кийин Барак Обама жубайы Мишель менен бирдикте бир нече жолу унаадан түшүп, көпчүлүккө кол булгалады

Ант берүүдөн кийин Барак Обама жубайы Мишель менен бирдикте бир нече жолу унаадан түшүп, көпчүлүккө кол булгалады

АКШ лидери Барак Обама президенттик экинчи мөөнөткө киришип жатып, жүз миңдеген америкалыктардын алдында ант берди. Инаугурациянын салтанаттуу бөлүгү Вашингтондогу Капитолий имаратынын жанында өттү.

Ант берүүдө президент оң колун көтөрүп, сол колун Инжилдин эки нускасына койду. Алардын бири - Авраам Линкольго, экинчиси - Мартин Лютер Кингге тийиштүү ыйык китептер болду.

Ант берүү сөзүнөн кийин Обама алдыдагы төрт жыл ичиндеги өлкөнүн багытын аныктаган билдирүү жасады. Анда ал климаттык өзгөрүү, миграциялык саясат, курал-жарактарды көзөмөлдөө, аялдар жана сексуалдык азчылыктардын укуктары тууралуу маселелерге токтолду.

Президент өз сөзүндө АКШ Конституциясынын өзөгүн түзгөн “Биз Кошмо Штаттарынын эли” деген сөздөрдү бир нече ирет колдонду. Обама бул кайрылуусунда он жылдап созулган согуш аяктап келе жатканын, өлкө экономикасы калыбына келе баштаганын айтып, “Азыркы учурда Американын мүмкүнчүлүктөрү чексиз” деп белгилерди.

Обама сөзүндө ички маселелерден тышкары эл аралык саясатка да кайрылды. “Азиядан Африкага чейин, эки Америкадан Жакынкы Чыгышка чейинки бардык аймактарда демократияны колдоого” убада кылды.

Бул ант берүү аземине 700 миңдей киши катышканы божомолдонуп жатат. 2009-жылы Обаманын биринчи мөөнөтүн баштаган инаугурацияга 1,8 миллион киши келген.

Бул ант берүү аземине 700 миңдей киши катышканы божомолдонуп жатат. 2009-жылы Обаманын биринчи мөөнөтүн баштаган инаугурацияга 1,8 миллион киши келген.

“Биз башка өлкөлөр менен болгон талаш-тартышыбызды тынчтык жолу менен чечүүгө бел байлабыз. Бул биздин алдыбыздагы коркунучтарга карата баёлугубуз эмес. Анткени коркунуч жана шектенүүлөр тирешүү менен чечилбейт, кызматташуу аркылуу гана жайгаруу мүмкүн”, - деди президент.

Барак Обама президенттик эки мөөнөттө төрт жолу ант кармаган АКШ президенти катары тарыхта калмакчы.

2009-жылы биринчи мөөнөткө киришип жатып ант кармаганда, баш мыйзамда бекитилген тексттен жаңылыштык болуп, инаугурация кайрадан өткөрүлгөн.

2013-жылы экинчи мөөнөткө президент, алгач, 20-январда Акүйдө өткөрүлгөн чакан ант берүү иш-чарасы менен киришти. Андан соң ант берүү аземи жүз миңдеген кишилердин алдында кайталанды.

АКШнын Конституциясы боюнча ант берүү күнү 20-январга белгиленген. Бирок, бул күн жекшемби күнгө туш келип калгандыктан, аны эки жолу өткөрүүнү чечишкен.

Бул ант берүү аземине 700 миңдей киши катышканы божомолдонуп жатат. 2009-жылы Обаманын биринчи мөөнөтүн баштаган инаугурацияга 1,8 миллион киши келген.

Тектеш темалар

BBC © 2014 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.