BBC navigation

Европада Кэмерондун референдум сунушу талкууланууда

Соңку жаңыланышы: 23-январь, 2013 - 15:35 GMT
Европа Биримдигиндеги көптөгөн саясатчылар Кэмерондун билдирүүсүн саясий тобокелдик жана коркутуу деп мүнөздөшүүдө.

Европа Биримдигиндеги көптөгөн саясатчылар Кэмерондун билдирүүсүн саясий тобокелдик жана коркутуу деп мүнөздөшүүдө.

Британ премьер-министри Дэвид Кэмерон Британиянын Европа биримдигиндеги мүчөлүгү боюнча референдум өткөрүүнү сунуш кылды. Бул билдирүүгө Европа Биримдигиндеги саясатчылар токтоосуз жооп кайтарышты. Алар Кэмерондун кадамын "опурталдуу" деп эсептешет.

Көптөн бери күтүлүп жаткан билдирүүдө Кэмерон Европа биримдиги менен анын атуулдарынын ортосундагы ажырым кеңейип бара жатканын баса белгиледи. "Муну Британ эли дагы сезүүдө, андыктан, британиялыктар бул маселе боюнча өз оюн билдириши керек деп айтты", - деди премьер-минстр.

"Британиянын Европа Биримдигиндеги мүчөлүк шарттары бизге ыңгайлуу эмес, бул өзгөрүшү керек" - деп кошумчалады ал. Кэмерондун сунушу, эгер келерки шайлоодо анын Консерваторлор партиясы жеңип чыкса, ишке ашырылмакчы.

Премьер-министр Консерваторлордун өкмөтү Британиянын Евробиримдиктеги мүчөлүк шарттарын кайрадан келишип, ийкемдүү жана ачык кызматташууну түзүүнү көздөйт деп айтты. Бул Британ саясатындагы урунтуу учур болду.

1975-жылдан бери биринчи жолу референдум өткөрүү сунушталууда. Британиянын Премьер-министри, эгер Европа атаандашууга жөндөмдүү жана атуулдары үчүн ачык-акыйн боло албаса, анда Британ эли бул уюмдан чыгып кетиши мүмкүн деп эскертти.

Ал Европа Биримдиги Британия менен күчтүүрөөк, андыктан, реформаларды жана сүйлөшүүлөрду жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү бар деп белгилеген. Консерваторлор билдирүүнү кубаттады, ал эми оппозициялык Лейбористтер партиясы Кэмерон "улуттук кызыкчылыктан саясатты бийик коюп, Британиянын экономикасын тобокелге салууда" деп сынга алууда.

Кэмерондун билдирүүсүнө Европа токтоосуз реакция кылды. Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус бул планды "опурталдуу" деп атады. Финляндиянын элчиси: "Британиянын Европадан чыгышын каалабайбыз", - деп айткан.

Би-Би-Синин Брюсселдеги кабарчысынын айтымында, Европа Биримдигиндеги көптөгөн саясатчылар Кэмерондун билдирүүсүн саясий тобокелдик жана коркутуу деп мүнөздөшүүдө.

Тектеш темалар

BBC © 2014 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.