BBC navigation

Бангладеште ураган көп кабаттуу имараттагы куткаруу иштери уланууда

Соңку жаңыланышы: 24-апрель, 2013 - 14:46 GMT
Куткаруу кызматтары кырсык болгон жерде иштеп, уранды алдында калгандары алып чыгуу аракеттерин көрүп жатышат.

Куткаруу кызматтары кырсык болгон жерде иштеп, уранды алдында калгандары алып чыгуу аракеттерин көрүп жатышат.

Бангладештин борбору Дхаккада сегиз кабатуу имараттын урашынан 70тен ашуун киши өлүп, эки жүздөн ашууну жарадар. Дагы жүздөгөн кишилер уранды алдында калууда. Курмандыктардын саны өсүүдө.

Куткаруу кызматтары кырсык болгон жерде иштеп, уранды алдында калгандары алып чыгуу аракеттерин көрүп жатышат. Өлкөнүн армиясы дагы куткаруу иштерине тартылган. Жүздөгөн кишилер кулаган имараттын астында калууда.

Ичинде банк, кийим тигүү фабрикалары жана дүкөндөрү бар сегиз кабат имарат эртең менен урап тушкөн. Азырынча кырсыктын себептери аныктала элек.

Көптөгөн кишилер кулаган имараттын жанына топтолуп жакындарын издешүүдө. Бангладеште имарттардын кулап калуусу таң калычтуу деле көрүнүш эмес.

Бул өлкөдө көптөгөн имарттар курулуш эрежелерин одоно бузуу менен салынаары айтылат.

Өткөн жылдын ноябрь айында фабрикадан өртүп чыгып, жүздөн ашуун киши өлгөн эле.

Тектеш темалар

BBC © 2014 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.