BBC navigation

Кытайдын Шинжаң аймагындагы кагылышууда 21 киши өлдү

Соңку жаңыланышы: 24-апрель, 2013 - 14:25 GMT
Шинжаң уйгур автономиялуу облусунда уйгурлар менен хандардын ортосунда чыр чатактар маал-маалы менен кайталанып келет.

Шинжаң уйгур автономиялуу облусунда уйгурлар менен хандардын ортосунда чыр чатактар маал-маалы менен кайталанып келет.

Кытайдын мамлекеттик маалымат булактары өлкөнүн батышындагы Шинжаң аймагындагы кагылышууларда 21 киши набыт болгонун билдирди. Синьхуа агентиги 15 полиция жана социалдык кызматкерлер өлгөнүн кабарлаган. Ошондой эле кол салгандардын алтоо өлгөнүн, дагы башка сегизи камакка алганы кабарларда айтылат.

Кытайдын мамлекеттик маалымат агентиктеринин билдиришинче, кол салуу Кашкардын Бачу аймагында күндүзү орун алган. Билдирүүдө айтылгандай, үч социалдык кызматкер жергиликтүү тургундун үйүнөн бычактарды табышкан. Алар полиция чакырганда шектүүлөр аларга кол салып, барымтага алышкан. Эки ортодо кагылышуу болуп өткөн. Бул маалыматтарды көз карандысыз булактар аркылуу текшерүүгө мүмкүн эмес.

Бирок Кытайдын мамлектетик медиасы бул окуяларды "террордук акт" деп аташты. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Би-Би-Сиге берген маегинде кол салгандар аймактагы уйгур этникалык азчылыгынын өкүлдөрү экенин айткан.

Шинжаң уйгур автономиялуу облусунда уйгурлар менен хандардын ортосунда чыр чатактар маал-маалы менен кайталанып келет.

2009-жылы Үрүмчү калаасындагы кагылышууларда эки жүздөн ашуун киши мерт болгон эле.

Тектеш темалар

BBC © 2014 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.