BBC navigation

Орус оппозиционери Навальный өзүнө каршы сот процессин токтотууга үндөдү

Соңку жаңыланышы: 24-апрель, 2013 - 15:27 GMT
Алексей Навальный президент Путинге каршы нааразылык акцияларын өткөрүп, Орус өкмөтүн коррупцияга байланыштуу сындап келет.

Алексей Навальный президент Путинге каршы нааразылык акцияларын өткөрүп, Орус өкмөтүн коррупцияга байланыштуу сындап келет.

Орусиядагы белгилүү оппозициялык ишмерлердин бири Алексей Навальный өзү иштеген мекемеге акчалай чыгым келтирген деген айып менен башталган сот процессин жокко чыгарууга чыкырды.

Навальный сот өкүлдөрүнө кайрылып, ага каршы жүргүзүлгөн тергөө ишиндеги мүчүлүштүктөргө байланыштуу бул иш прокурорлорго кайрадан тергөөгө жөнөтүлүшү керек деп айткан.

Ал өзүнө карата сот ишин саясий буйрутма деп эсептейт. Навальный президент Путинге каршы нааразылык акцияларын өткөрүп, Орус өкмөтүн коррупцияга байланыштуу сындап келет.

Киров калаасына келген Навальный эгер сот сот аны күнөөлүү деп тапкан учурда да, өзүнүн ак экенин башкалар түшүнөт деп белгиледи.

"Кировго кайрадан келгениме кубанычтамын. Албетте, мындан жакшыраак себептер менен келсем дурус болмок. Сот бүгүн чындап башталат өңдөнөт. Аягында биз жеңип чыгарыбызга ишенем. Эгер сот мага тагылган айыптарды кабыл алган учурда да, бул процессге катышкандардын бардыгы менин күнөөлүү эмес экенимди түшүнүшөт", - деди Алексей Навальный.

Тектеш темалар

BBC © 2014 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.