BBC navigation

Ахалтеке аттарына арналган майрамдын таасирлери

Соңку жаңыланышы: 30-апрель, 2013 - 06:20 GMT

Ахалтеке аттары: алдыда алтымыш чакырым аралык бар

Түркмөнстанда ахалтеке атына арналган фестиваль болуп өттү. Жыл сайын апрель айынын соңку дем алыш күндөрү - түркмөн тулпарынын майрамы деп белгиленип келет.

Быйыл Түркмөн бийликтери биринчи жолу расмий түрдө өлкөгө БиБиСинин кабарчысын чакырып, продюсер Акчолпон Койчиева Ахалтеке фестивалына күбө болду.

Акчолпон Койчиева: Ахалтеке аттарынын өзгөчө чыдамдуулугу, көркү, күчү тууралуу окуп-билип эле жүрсөм дагы, аны түркмөндөр ушунча сүйүп, көп каражат жумшап, даңазалап, улуттук майрам арнаганын билген эмесмин. Чет элдик эксперттер, саяпкерчилик менен алектенген адистер, ат бизнеси менен алектенген өкүлдөр, чет элдик журналисттер чакыртылган салтанат 3 күнгө бөлүнүп, биринчи күнү Ахалтеке аттарынын 60 километрлик марафону болду.

Кызыгы, муну адистер билсе керек, мага жаңылык болду, марафондун жеңүүчүсүн кайсы ат биринчи келди деп эмес, кайсы ат тез арада калыбына келди деп аныкташты. Марафонду жыйынтыктап келген аттарды дароо бир он чакадай муздак суу менен жаба куюп, улам жүрөк согумун текшерип, калыбына келген убакытты белгилеп туруп, жеңүүчүсүн аныкташты.

Экинчи күну президент Гурбангулы Бердимухамедовдун катышуусу менен ат парады өттү, ал өзү ат минип бастырып, көрүүчүлөрдүн кызыгын арттырды. Үчүнчү күнүндө ат жарыш жана эң көрктүү атты аныктоо конкурсу болду.

Гульнара Касмамбетова: Буларды “Cапар” видеобуздан көрүүгө да мүмкүнчүлүк болот ко дейм. Акчолпон ал эми Түркмөнстандын башкалаасы Ашхабад кандай таасир калтырды?

Акчолпон Койчиева: Эми Түркмөнстан жабык өлкө экенин, обочолонгон, өкмөттүк көзөмөл күчтүү мамлекет экенин биз билебиз. Өлкөгө кабарчылардын оңой менен киргизилбегени, туристтердин так жадыбал менен гана жүрүшү жана башка маалыматтар ушундай анализ жүргүзүүгө негиз берет.

Бирок жаңы курулуп жатат деген Ашгабад шаары кандай абалга жеткенин, катуу тартип менен тарбияланган жаштар эмне ой максаттарды көздөөрүн өз көзүм менен көрүп билүү мен үчүн жаңылык болду.

Зергер буюмундай мрамордон кылдат пландалып курулган мындай шаарды мурда көргөн эмесмин. Имараттары ушунчалык кооз, көчөлөрү гармониялуу пландалган, чөлдө жайгашса дагы фонтандардын кенендиги таң калдырды.

Ал эми шаардын тазалыгына барган европалыктар суктанып жатты. Бирок көчөлөр аңгырап бош, киши көрүнбөгөнү бардык нерсенин эки учу бар эмеспи дегенди эске салып турду.

Гульнара Касмамбетова: Бул жаркыраган жетишкендиктер жалпы элдин жыргалчылыгына иштейт бекен?

Акчолпон Койчиева: Маселе ошондо бизге жалаң жаркыраган жетишкендиктерди гана көрсөтүп жатышты. Бизди түркмөн тилин, аны менен кошо англис, орус немис, түрк тилдерин билген жаштар коштоп жүрүштү.

Шаардын ат майдандары, жолдору, талаалардан өйдө кылдат кооздолгон чөйрөдө гана болдук. Өз алдыбызча басып шаар кыдырууга мүмкүн болбогону Түркмөнстандын жабык делгенине түрткү берген жагын билдирип турат. Ушундай ой менен жаштарга суроо салсак, мунун баарысы стереотип, биз сонун эле жашап жатабыз деген жооп алдык.

Тектеш темалар

BBC © 2014 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.