Кытайда рекорддук деңгээлдеги ысык аба ырайы катталууда

Кытай бийликтери ысык аба ырайы 8-августка чейин уланаарын божомолдошуп, жашоочуларды бул учурда тышка чыгуудан карманууга чакырышууда.
Image caption Кытай бийликтери ысык аба ырайы 8-августка чейин уланаарын божомолдошуп, жашоочуларды бул учурда тышка чыгуудан карманууга чакырышууда.

Кытай бийликтери июль айында өлкөнүн бир катар аймактарында рекорддук деңгээлдеги ысык аба ырайы катталаарын эскертти. Айрым аймактарда экинчи категориядагы өзгөчө кырдаал абалы жарыяланган. Шанхайда кеминде он киши башынан ысык өтүп каза тапты. Бул соңку 140 жыл ичиндеги эң ысык аба ырайы деп каралууда.

Жергиликтүү Шанхай телеканалынын кабарчысы көчөдөгү ысыктын табына эт бышаарын видео аркылуу көргөзүп, коомчулуктун көңүлүн бурду. Кытай боюнча тогуз провинцияда, анын ичинде Анхю, Жияңсу, Хюнан, Хюбей, Шанхай жана Чоңчиң аймактарында өзгөчө ысык аба ырайы кырдаалы жарыяланган.

Шанхай метеорология бюросунун тараткан маалыматына караганда, бул калаада июль айынын 24 күнү аба ырайынын көрсөткүчү 35 градус же андан жогору болду. Андан тышкары, ысык 40,6 градуска жетүү менен Шанхайдын буга чейинки тарыхында катталган рекорддук чекти ашып өттү.

Мамлекеттик Синхуа агенттиги саламаттыкты сактоо кызматкерлерине шилтеме жасап, бери дегенде он киши башына ысык өтүп мерт болгонун кабарлаган. Кытай бийликтери ысык аба ырайы 8-августка чейин уланаарын божомолдошуп, жашоочуларды бул учурда тышка чыгуудан карманууга чакырышууда.