Америкалык дрон учактар Йеменде 14 согушкерди жок кылды

Йемен бийликтери АКШнын учкучу жок башкарылган дрон учактарынын соккуларынан 14 согушкер жок кылынганын билдиришүүдө.

Бул өлкөдө террордук кол салууларды пландаган "Аль-Каиданын" болжолдуу турук кылган жайларына АКШнын аскердик күчтөрү абадан сокку уруп баштады.

Учкучсуз башкарылган дрон учактардын чабуулу согушкерлер жашынып жатышы ыктымал болгон алыскы тоолуу райондордо жасалууда.

Шаршембиде Йемендин бийликтери "Аль-Каиданын" согушкерлеринин газ түтүктөрдү жардыруу жана негизги порт шаарларды басып алуу планы ашкереленгенин билдирип, коопсуздук чараларын күчөткөн болчу.

Cоңку күндөрү «Аль-Каиданын» ондогон активдүү мүчөлөрү кол салууларды уюштуруу үчүн Санага келишкени айтылган.

"Аль-Каиданын" билинип калган кыянат планы боюнча согушкерлер аскер кийимдерин кийип жакын жерде бугуп жатып, чакырык белги болор замат объектилерге кирип барып, башкарууну колго алышмак экен.

Бул өлкөдө террор коркунучу чыкканда АКШ менен Улуу Британия тобокелге салбай, Санадагы дипломатиялык кызматкерлерин бүт алып чыгып кетти. Ушундай эле кол салуу коркунучу башка мамлекеттерди да тооругандыктан АКШга Жакынкы Чыгыштагы жана Түндүк Африкадагы элчиликтерин убактылуу жабууга туура келди.