Ильхам Алиев президенттик шайлоодо жеңип чыкканын билдирди

Ильхам Алиев президенттик кызматты 2003-жылы өзүнүн атасы Гейдар Алиевден мурастап калган. Ал диссиденттерди куугунтукка алып, президенттик мөөнөттүн чектөөсүн алып салган.
Image caption Ильхам Алиев президенттик кызматты 2003-жылы өзүнүн атасы Гейдар Алиевден мурастап калган. Ал диссиденттерди куугунтукка алып, президенттик мөөнөттүн чектөөсүн алып салган.

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев шаршемби күнү өткөрүлгөн президенттик шайлоодо жеңип чыкканын билдирди. Ал азери элине кайрылып, үчүнчү мөөнөткө ишеним көрсөткөнү үчүн ыраазылык билдирди.

Шайлоо комиссиясы добуштардын төрттөн үчүн санап чыгып, Алиев 85%га жакын колдоо менен жеңгенин айткан.

Ал тапта Азербайжандагы оппозициянын негизги талапкери Жамил Хасанли шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын айтып, жаңы шайлоо өткөрүүгө чакырды. Ал өкмөт бардык телеканалдарда үстөмдүк кылып, добуш берүүчүлөрдү колго алганы үчүн шайлоо акыйкат жана эркин болгон жок деп эсептейт.

Ушуну менен үчүнчү жолу президенттикке шайланып жаткан Ильхам Алиев шайлоонун жүрүшүн “демократиянын жеткен чеги” деп мүнөздөдү.

Image caption Алиевдин Бакудагы жактоочулары

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулары болсо шайлоо компаниясы маалындагы чектөөлөр добуш берүүнүн сапатына доо кетиргенин, добуш берүүдө жана аларды саноодо олуттуу күч колдонуулар орун алганын билдиришти.

Ильхам Алиев президенттик кызматты 2003-жылы өзүнүн атасы Гейдар Алиевден мурастап калган. Ал диссиденттерди куугунтукка алып, президенттик мөөнөттүн чектөөсүн алып салган.

Ал бул жолку президенттик шайлоодо өзүнө ишенип, өнөктүк жүргүзгөн эмес.

“Азербайжан демократиялык өнүгүүсүн улантат. Бул шайлоо эркин жана ачык болгону демократияга карай дагы бир олуттуу кадам болду”, - деп айтты ал телеканал аркылуу билдирүүсүндө.

Адам укуктарын коргоо боюнча уюмдар Азербайжан өкмөтү шайлоо алдында өзүнүн сынчыларын катуу кысымга алды деп эсептейт.

Байкоочулардын айтымында, калкынын саны тогуз миллионго чамалаган бул өлкөдө соңку жылдары мунайзат өндүрүшү үч эсеге жогорулаганы дагы оппозицияны көлөкөдө калтырууда.