Нью-Йорк мэрин шайлоодо Де Блазио алдыда

Эгер Билл де Блазио жеңишке ээ болсо, 1989-жылдан бери Нью-Йорктун мэрлигине келген биринчи демократ болуп калмакчы.
Image caption Эгер Билл де Блазио жеңишке ээ болсо, 1989-жылдан бери Нью-Йорктун мэрлигине келген биринчи демократ болуп калмакчы.

Демократтар партиясынын талапкери Билл де Блазио Нью-Йорк мэрин шайлоодо алдыда озуп келе жатат. Бюллетендердин 27%ын санаганда Блазиого шайлоочулардын 72%ы добуш бергени аныкталган.

52 жаштагы адвокат ошентип, эң негизги атаандашы – республикачыл талапкер Жо Лотудан 40%га алдыда.

Эгер ал жеңишке ээ болсо, 1989-жылдан бери Нью-Йорктун мэрлигине келген биринчи демократ болуп калмакчы.

Азыркы мэр Майкл Блумберг бул кызматка үч жолу шайланып, акыркы жарышка катышкан эмес.

Нью-Йорктон тышкары АКШнын бир катар ири шаарларында шайлоо өтүүдө. Жергиликтүү медиа бул шайлоолорду президент Барак Обаманын экинчи мөөнөтүндөгү эң маанилүү саясий окуя деп мүнөздөшүүдө.

Нью-Жерси жана Виржиния штаттарында губернаторлор үчүн добуш беришкен. Андан тышкары, Атланта, Бостон, Детройт, Майами жана Хьюстон шаарларында мэрлер шайланды.