“Айсон” кометасы аман калышы мүмкүн

Image caption “Айсон” кометасы Күн системасынан өтө ыраактагы, сырдуу жана муз каптаган аймактан келаткан.

Окумуштуулар кылымдын кометасы катары сыпатталган “Айсон” Күндүн ысыгы менен тартылуу күчүнөн аман калышы мүмкүндүгүн айтышууда.

Муз жана чаңдардан турган гигант топ күтүлгөндөй болуп, Күндүн артынан жаркырап чыкпай калганда окумуштуулар комета “өлүмгө” дуушар болду деп жатышкан.

Бирок соңку сүрөттөрдөн кометанын бир бөлүгү катары саналган жарык элементтер байкалууда.

Окумуштуулар муну көрүп, кубанганын жашырышкан жок. Бирок бул элементтин тагдыры эмне болот дегенде эч бири так жооп бере албай жатышат. Кометанын бөлүгү ошол боюнча жаркырап тура бериши мүмкүн же таптакыр өчүп жок болушу ыктымал.

“Биз бул кометага дээрлик бир жылдан бери көз салып келе жатабыз. Бул убакыт ичинде ал бизди чаташтырганын жана таң калтырганын койбоду. Биз комета жоголду, өлдү дегенден кийин анын кайра пайда болушу таң калычтуу эмес”,-деди Американын кометаларды байкоого алуучу долбоорунун астрофизиги Карл Баттманс.

Комета жок болду деп алгачкылардан болуп айтып чыккан Европанын космостук агенттиги кырдаалды кайрадан териштиргенге аргасыз болду.

Эксперттер кометанын ядросунун бир бөлүгү сакталып калганын айтканы менен ал кайсы бөлүгү экени азырынча белгисиз.

Күнгө жакындаганда “Айсон” кометасынын температурасы 2 миң градус цельсийге жетет деп күтүлгөн.

Комета жөнүндө так маалымат жакынкы күндөрдөгү сүрөттөрдү иликтөөдөн кийин белгилүү болмокчу.

“Айсон” кометасы Күн системасынан өтө ыраактагы, сырдуу жана муз каптаган аймактан келаткан. Ал Жерди көздөй саатына миллион километр ылдамдык менен учуп келди.

Эгер комета аман-калса, Күн андагы чаң жана газдарды ысытып, декабрда асманда учкан куйруктуу жылдыз пайда болот.

Тема боюнча башка макалалар