БУУ Түштүк Судандагы күчтөрдү көбөйтүүгө чакырууда

Кагылышууларда 1000ге жакын киши өлгөнү божомолдонууда. Ал эми БУУ көзөмөлдөгөн аймактарга40 миңден ашуун киши баш калкалоого аргасыз болгон.
Image caption Кагылышууларда 1000ге жакын киши өлгөнү божомолдонууда. Ал эми БУУ көзөмөлдөгөн аймактарга40 миңден ашуун киши баш калкалоого аргасыз болгон.

Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Коопсуздук кеңешин Түштүк Судандагы БУУнун күчтөрүн көбөйтүүгө чакырды. Ал БУУнун 7000 аскерине дагы 5500 аскерди кошууну сураган.

Түштүк Суданда бир аптадан ашуун создуккан кагылышууларда жүздөгөн кишилер өлгөнү кабарланган. Пан Ги Мун кишилерди өлтүрүүгө буйрук бергендердин бардыгы жоопкерчиликке тартылат деп эскертүүдө.

Мурдагы вице-президент Риек Мачарды колдогон куралчандар бир катар шаарларды ээлеп алып, он миңдеген кишилер үйлөрүн таштап качууга аргасыз болгон.

Баш калаа Жубадагы журналист Хана Макнейш күбөлөргө шилтеме жасап, коопсуздук күчтөрү полиция кеңсесине 200дөй кишини алып келип, атып өлтүргөнүн кабарлаган. Алардын көбү нуер этностук тобунан экени айтылууда.

Дагы бир кабарда динка уруусунан чыккан куралчан киши Нуер районуна кол салып, динка тилин билбеген кишилерди кырганы тууралуу маалымдалган. Бирок, бул кабарларды көз карандысыз булактар аркылуу ырастоого мүмкүн болбой жатат.

Өткөн аптада динкалардын өкүлү, президент Салва Киир нуерлердин башчысы Мачар баштаган топ аскерий төңкөрүш жасоого аракет кылганын жарыялаганда жаңжал башталган.

Кагылышууларда 1000ге жакын киши өлгөнү божомолдонууда. Ал эми БУУ көзөмөлдөгөн аймактарга40 миңден ашуун киши баш калкалоого аргасыз болгон.