БУУ: Түндүк Кореядагы иликтөө жыйынтыктары

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Бириккен Улуттар уюмунун Түндүк Кореядагы адам укуктары боюнча бир жылдан ашуун иликтөөсүнүн жыйынтыгы чыгып, өкөдөгү ырайымсыз кыйноолор ашкере болууда. Тергөөчүлөр кишилерди кыйноо, сексуалдык зомбулук, массалык өлүмгө тартуу көрүнүштөрүнүн далилдерин угушкан.

Бул маалыматтарды Түндүк Корея бийлиги четке кагууда. Тергөөчүлөр дүйнөнү чара көрүүгө чакырды. Бул баяндар оңой менен айтылган жок. Кээде көз жаш менен коштолду. БУУнун жыйынынын алдында, Түндүк Кореядагы кыйноо, ачкачылык жана массалык киши өлтүрүү фактылары боюнча көрсөтмө берүү үчүн төрт өлкөдөн чыккан сексенден ашык адам чогулду.

Сеулдагы териштирүү маалында иликтөө тобун жетектеген, БУУнун иликтөөчүлөрүнүн башчысы Майкл Көрби Би-Би-Сиге өз сезимдерин айтып берди:

-Бир күбө башынан өткөргөндөрдү Гитлердин убагындагы «Аушвиц» лагериндегиден да жаман деп мүнөздөдү. Алар лагерде өлүмдөн качып кутула алгыс абалда эле болгон. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин «Аушвиц» сыяктуу лагерлер болбошу керек эле.

Күбөлөрдүн көбү Түндүк Кореянын тоолуу аймагында жайгашкан саясий туткундардын жашыруун лагерлериндеги жашоосун баяндашкан. Мурдагы түрмө кызматкери туткундарды өлтүрүү, алардын адамдык ар-намысына шек келтирүү сыяктуу спутниктен оңой-олтоң көрүнбөй турган окуяларды сүрөттөдү.

"Бир жолу менин апам менен байкем качууга камынып жатканын угуп, жетекчиликке айтып салдым. Мен аларды апа жана байке дегеним менен мени үй-бүлөгө байлаган сезимдерим деле жок эле. Кийинчерээк экөө тең менин айымдан элдин алдында өлтүрүлдү. Мен алардын өлүмүнө күбө болдум"-, деп айткан күбөлөрдүн бири.

Түндүк Корея мындай зомбулуктарды жана саясий туткундардын лагери тууралуу маалыматтарды четке кагып келет. Бирок аларды текшерүүгө уруксат берген эмес. Укук коргоочулар БУУнун чечими Пхеньянды жооп кайтарууга мажбурлайт деп ишенүүдө.