БУУ: Дүйнөдө 21 млн адам мажбурланып иштейт

Эл аралык эмгек уюму мажбурланган эмгектен түшкөн мыйзамсыз кирешенин көлөмү дүйнөдө жылына 150 миллиардан ашарын эсептеп чыкты.

БУУнун эксперттери жүргүзгөн жаңы изилдөөгө ылайык, бул кирешенин үчтөн эки бөлүгү секс-индустрияга туура келет. Калганы - үйдө малай болуп жургөндөр, айыл чарбасында жана курулушта иштегендер.

Эл аралык эмгек уюмунун эсебинде дүйнөдө мажбур эмгектенип жаткандардын саны 21 млн адамга барат.

Анын ичинен тең жарымы Азияда.

Эмгек уюмунун изилдөөсүндө өкмөттөргө мажбурланган эмгек менен күрөшүүнүн себептери болгон жакырчылык, билим берүүнүн жоктугу жана жумушсуздук менен күрөшүүгө чакырык айтылат.