Испаниянын жаңы королу бийликти өткөрүп алды

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Испаниянын жаңы королу Филипп VI атасы тактан баш тарткандан кийин бийликти расмий түрдө кабыл алды.

Монархтын алмашуу каадасы жергиликтүү убакыт боюнча жарым түндө болду. Бейшембиде күндүз кечээки принц Фелипе Астурийский парламенттин төмөнкү палатасында ант берди.

Король Хуан Карлос диктатор Франсиско Франко 1975-жылы дүйнөдөн өткөндөн кийин Испаниянын демократияга өтүшүндө маанилүү роль ойногон. Бирок соңку жылдары королдун үй-бүлөсүнө байланышкан жаңжалдан улам анын беделине бир топ доо кетти.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Принц Фелипе Испаниянын жаңы королу болуп калды

Жаңы монархтын такка отуруу аземи абдан жупуну өттү. Анткени кабарчылардын айтымында, экономикалык кыйынчылыкты тартып жаткан испандыктарды туталантып кереги жок.

Ошол себептен таажы кийүү салтанаты болгон жок. Жубайы менен эки кызы күбө болгон аземде жаңы король экономикалык жана конституциялык кризисти баштан кечирген өлкөнү биримдикке үндөп, өлкөнүн Конституциясын коргоого ант берди.

Андан соң король менен анын жубайы Летиция Мадриддин көчөлөрүн аралап өтүп, андан соң король сарайынын балконуна чыгып, салтка ылайык элге көрүнүштү.

Көптөгөн испандыктар монархияны жоюу жөнүндө референдум өткөрүүнү талап кылып келатышат.

Ошол эле учурда Испаниянын эки ири партиясы король Хуан Карлостун бийликтен баш тартып, аны уулуна өткөрүп бергенин жөндөгөн мыйзамды колдоп беришти.