Украинанын чыгышында жикчилдер чегинип баратат

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Украинанын аскерлери Донецк областындагы Славянск, Краматорск жана Артемовск, Дружково шаарларына толук көзөмөл орнотту, ал эми орусчул маанайдагы жикчилдер чегинип баратат.

Жикчилдердин лидери Игорь Стрелков "тактикалык чегинүү" күч-кубатты сактоо үчүн керек болгонун билдирди.

Жикчилдер адегенде Славянскиден Краматорск шаарына бет алды деп айтылган, андан кийин алардын позицияларын таштап, Донецк тарапка жөнөгөнү белгилүү болду.

Сүрөттүн автордук укугу AP

Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысынын орун басары Михаиль Коваль "Интер" телеканалына берген маегинде украин армиясы Луганск жана Донецк шаарларын камалай турганын билдирди.

Коваль украин бийликтеринин бул чарасы жикчилдерди куралын таштоого аргасыз кылат деп эсептейт.

Жекшембиде Украинадагы атайын операциянын басма сөз кызматы "Фейсбуктагы" баракчасында жикчилдер Луганск шаарын артиллерия менен аткылашканын кабарлаган. Алардын маалыматына караганда, согушкерлер Луганскидеги темир жол вокзалынын жанындагы үйлөрдү карай сокку урушкан.

Ошол эле учурда Луганск элдик республикасы атанып алган күчтөр жергиликтүү убакыт боюнча 13.30 да украин аскерлери Луганскини минометтон аткылашты деп айтышууда.

Украинанын президенти Петро Порошенко Донецкидеги маанилүү шаарларды каратып алууну мамлекеттин аймактык бүтүндүгү үчүн болгон күрөштө бурулуш учур катары баалап, бирок толук жеңишке али көп бар деп билдирди.

"Мен эйфориядан алысмын. Кырдаал дагы деле оор. Террористтер чоң шаарларда бугуп жатат. Алдыда дагы толтура сыноо бар,"- деди Порошенко ишембиде элге кайрылуу сөзүндө.