Гүлнара Каримова: “Иттикинен да жаман шартта кармалып турабыз”

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Би-Би-Сиге жөнөтүлгөн эксклюзивдүү видео жана аудиодо Өзбекстандын президентинин тун кызы Гүлнара Каримова өз кызы менен Ташкенттеги үй камагында “иттикинен да жаман шартта” кармалып турганын айтты.

Чөнтөк телефонго кыш мезгилинде тартылган видеодо Гүлнара Каримова уул-кызы менен президенттик сарайдын алдында атасы менен жолугууга аракет кылганы тартылган. Жарандык кийим кийгендерден тышкары курал да кармаган аскер адамдары Гүлнараны токтотууга аракет кылышкан.

Видеодо Гүлнара Каримованын: “Ата, ата!”, - деп кыйкырып, “Мен баары бир өтөм”, - деп айтканы жазылып калган. Тасманын кайсы маалда тартылганы так эмес. Болгону Каримованын жанындагылар гүл көтөрүп алганын көрүүгө болот.

Буга чейин Гүлнара Каримованын уулу орусиялык телеканалга курган маегинде президент Каримовдун туулган күнүндө аны менен жолугушууга аракет жасашканын, бирок ага тоскоол болушканын айткан. Ал азыр апасы менен карындашынан эч кабар жоктугун, алардын ден-соолугу коркунучта экенин кошумчалаган.

Image caption Гүлнара Каримованын видео клибинен алынган кадр.

Бир кездерде “ууру ханыша”, “Өзбекстандагы эң жек көрүндү адам” деп сыпатталган Гүлнара Каримова соңку жылы өзүнүн атасы Ислам Каримовдун режими менен пикири келишпей калганын “Твиттер” баракчалары аркылуу айтып келген.

Ал Өзбекстандын коопсуздук кызматынын башчысы Рустам Инноятовду бийликти басып алууну көздөйт деп айыптап, натыйжада бизнеси, телеканалдары жана өзү түзгөн кайрымдуулук уюму жабылган.

Ошону менен бирге Гүлнара Каримованын жактоочулары камакка алынып, “Твиттер” баракчасы да иштебей калган.

Каримова өзүнө каршы аракеттердин артында өз апасы Татьяна жана сиңдиси Лола турганын айтканы бар. Лола Каримова болсо Би-Би-Сиге курган маегинде эжеси менен 12 жылдан бери сүйлөшпөй калганын белгилеген.

"Жүзгө жакын коопсуздук кызматкерлери кайтарууда"

Гүлнара Каримова Өзбекстандан жашыруун чыгарылган аудио жазууларында өзүнүн абалы тууралуу кеңири айтып берүүгө аракет кылган. Мисалы, ал үй камагында кандай шартта турганын, саламаттыгы кандай экенин, аларга каршы куугунтук качан жана кантип башталганын, өзүнө тиешелүү компаниялар жабылып жана кол алдында иштегендердин камалып, жакындарынын кысымга алынышы тууралуу баяндаган.

"Биз үйдүн ичинде камалып отурабыз. Эч жакка чыга албайбыз. Иттикинен дагы жаман шартта кармалып турабыз. Буга эч ким ишенбейт, анткени бизди көргөн эч ким жок. Бизди коопсуздук кызматынын аскерлери кезектешип кайтарышат. Алар жүзгө жакын деп ойлойм. Бир жолу алар менин сөөмөйүмдү жулуп ала жаздашты, психологиялык кысым ар дайым болуп турат. Бул үйдө бардык байланыштарды үзүп салышкан", - деп айтылат аудиодо.

Ислам Каримовдун кызы дагы бир жеринде кызы экөөнү эмне үчүн үй камакты кармап турганын азырга чейин түшүнбөйм деп айткан.

"Бизди эмнеге үчүн үйдүн ичинде камап олтурушканына дагы деле так жооп ала элекпиз. Эмне үчүн менин 15 жаштагы кызым мектепке баруунун ордуна камалып отурушу керек? Мен өзүм жөнүндө айтып жаткан жокмун, кызыма медициналык жардам керек. Мунун бардыгы менин медиага жана социалдык тармактарга ачык айкын жазганыма байланыштуу болуп жатса керек".

Каримовага байланышкан чырдын айтылбай жаткан жактары да барбы?

Би-Би-Си Өзбек кызматынын продюсери Луиза Кудайкулова эл аралык "Хьюман Райтс Вотч" уюмунун өкүлү Эндрю Строелинге кайрылып, кандай болгон учурда дагы Гүлнара Каримованын бул билдирүүлөрүн Өзбекстандагы адам укуктарынын абалына кабатырлануу катары бааласа болобу деп сураган:

"Эгер Каримованын сөздөрү чын болуп чыкса, анда бул өзбек бийликтенине карата абдан олуттуу эле айыптоолор. Мунун бир эске алчу жагдайы, буга чейин медиага чыгып жаткан маалыматтардын бардыгы бир гана Гүлнара Каримова тараптан берилип жатат. Чырдын айтылбай жаткан жактары дагы болушу ыктымал.

Ал эми адам укуктарына келсек, Өзбекстанда мындан дагы катаал шарттарда мындан дагы катуу кысымга, зордук-зомбулукка алынып жаткан көптөгөн кишилер бар. Адам укуктары боюнча ондогон активисттер жазаланып, камалып, түрмөлөрдө кыйноого алынып жатканын билебиз. Өзбекстандагы кырдаал бир гана адамдын айланасындагы кыйынчылыктар менен чектелбейт", - деди "Хьюман Райтс Вотч" уюмунун өкүлү Эндрю Строелинг.

Your contact details
Disclaimer