Британия жүргүнчүлөрдү эболага карата текшерет

Өкмөттүк расмийлер жарыялаган билдирүүдө Британияга келген кишилерди аэропорттордон текшерүүдөн өткөрүү чечими жактырылды. Бул үчүн Хитроу, Гэтвик аэроптору жана Евростар станцияларында медициналык кызматкерлер иштешет. Сүрөттүн автордук укугу Press Association
Image caption Өкмөттүк расмийлер жарыялаган билдирүүдө Британияга келген кишилерди аэропорттордон текшерүүдөн өткөрүү чечими жактырылды. Бул үчүн Хитроу, Гэтвик аэроптору жана Евростар станцияларында медициналык кызматкерлер иштешет.

Улуу Британия эбола жайылган аймактардан келген кишилерди текшерүүдөн өткөрүү чараларын жарыялады. Мындан мурда Лондон Дүйнөлүк саламаттыкта сактоо уюмунун кеңеши боюнча бул кадамга барган эмес.

Өкмөттүк расмийлер жарыялаган билдирүүдө Британияга келген кишилерди аэропорттордон текшерүүдөн өткөрүү чечими жактырылды. Бул үчүн Хитроу, Гэтвик аэроптору жана Евростар станцияларында медициналык кызматкерлер иштешет.

Алар Либерия, Сиерра-Леон жана Гринеядан келген кишилерди текшерүүгө алышып, медициналык кеңештерди беришмекчи.

“Мындай чаралар эболадан сактануунун деңгээлин жогорулатат деп айтылат”, - расмий билдируүдө.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Батыш Африкада жайылган эбола вирусунан каза тапкан адамдардын саны 3879га жеткенин билдирди. Андан тышкары, сегиз миңден ашуун киши бул ооруга чалдыкканы белгиленген.

АКШнын Техас штатындагы ооруканада өткөн айда Либериядан бул ооруну жуктуруп келген адам көз жумду.

Улуу Британия эболадан жабыркаган өлкөлөргө жардам берүү үчүн жүздөгөн аскерлерин жолдоп жатат. Испанияда бир медайым эбола жуктуруп карантинге алынган.

Эбола качан пайда болгон?

Соңку окуялар Европа чөлкөмү да коркунучта экенин билдиреби? Эбола качан пайда болгон? Илдет кантип жугат?

Бул суроолорго Улуу Британиянын коомдук саламаттыкты сактоо комитетинин жетекчиси Дэйвид Хэйман жоп берди: “Эбола илдети биринчи жолу 1976-жылы Конгодо катталган. Мен ал учурда бул илдети изилдеген топтун мүчөсү болгом жана эболаны ооздуктоо боюнча да чараларды изилдегенбиз.

Биринчиден, эболаны аба аркылуу жуктурса болбойт. Испаниядагы медайымга жакын болгон адамдарды карантинге алганы туура. Себеби, алар кол кармашып, же башка жолдор менен дененин суюктугу алмашкан болсо, эболаны жуктуруп алышы мүмкүн. Улуу Британияда мурун эбола илдети катталган. Ал бейтапты натыйжалуу дарылаганбыз.

Оорукананын ишкерлери да илдетти жугузуп алышы мүмкүн. Иш учурунда эболаны оңой эле жуктуруп алса болот. Эболанын жайылышын токтотуу абдан татаал.

Бирок, Европанын ооруканаларын Батыш Африкадагы борборлор менен салыштууга болбойт. Бул жерде эбола катталса тез арада бейтапты карантинге алып, даарылоого мүмкүнчүлүк бар.