Эбола вирусу Малиде катталды

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Мали менен чектешкен аймактарда чек арадан өткөндөрдүн ар бирин дене табын өлчөөчү аппараттар мене текшеришет

Батыш Африкадагы Малинин саламаттыкты сактоо министрлиги Эбола вирусу бул өлкөдө алгачкы жолу катталганын билдирди. Коркунучтуу вирустун бул түрү жакында эле коңшулаш Гвинеядан келген эки жашар кызда табылган.

Бейшембиде Малинин саламаттыкты сактоо министри Усман Коне коомдук телеканалда сүйлөгөн сөзүндө Эбола вирусун жуктуруп алган эки жашар кыз Каес шаарындагы оорукана жатканын кабарлады. Эки жашар кыз менен контактта болгон жакындары карантинге алынган.

Дарыгерлердин айтымында, жаш кыздын апасы бир нече апта мурда Гвинеяда каза болгон, ошондон улам кызды жакындары Малиге алып келген.

Мали Африкадагы Эбола вирусу катталган алтынчы мамлекет деп айтылууда.

Америкада Эбола вирусу дагы катталды

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Ушуну менен АКШда Эбола вирусун жуктурган төрт киши катталды

АКШда Эбола вирусун жуктуруп алган дагы бир жаран катталды. Гвинеяда Эбола менен ооруган бейтаптарды дарылаган Нью-Йорк шаарынын дарыгери АКШга келгенде өзү дагы аталган илдетке кабылганы билинди.

Отуз үч жаштагы дарыгер Крейг Спенсер Манхэттендеги ооруканалардын биринде дарыланууда. Шаар бийлиги аны менен ким контактта болгонун тактаганга киришкен.

Ушуну менен АКШда Эбола вирусун жуктурган төрт киши катталды.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун 22-октябрда берген маалымат боюнча, Эбола вирусун жуктуруп алгандардын саны 9 миң 936 адамга жеткен. Эбола вирусун жуктуруп алгандардын 4 миң 877 си каза болгон.