БУУ мамлекети жок адамдарды жарандык паспорт менен камсыз кылууну көздөйт

Сүрөттүн автордук укугу AP
Image caption БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссары Антонио Гутерреш.

Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар Агенттиги 10 жылдын ичинде мамлекети жок адамдарды жарандык паспорт менен камсыз кылууну көздөйт. Бул долбоор качкындар лагеринде төрөлгөн же зордук-зомбулуктун айынан аргасыз жер которгондорго багытталат.

Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча жогорку комиссары Антонио Гутерреш, Сирия жана Ирактагы кырдаалдын айынан миңдеген жөн жай тургундар аргасыз жер которуп жатканын белгиледи:

"Айтылган өлкөлөрдөгү кырдаалдын гумантардык кесепети өтө кейиштүү. Ирактын өзүндө эле 2 миллион тургун аргасыз жер которушту. Сирияны алсак, бул сан 10 миллионго чыгат. Бул көрүнүшкө акыркы он жыл аралыгындагы гуманитардык трагедия деп баа берсек болот. Кырдалдын эң кейиштүү тарабы, азырынча эл аралык коом бул маселени чечүү жолун таба элек", -деди Антонио Гутерреш

Мамлекети жок адамдардын балдары да атуулдук ала албагандыктан, Гутерреш эл аралык коомчулукту качкын лагеринде төрөлгөндөргө атуулдук берүүгө чакырды.

Атуулдугу жок адамдар күндөлүк турмушта да абдан кыйналышат. Маселен алар менчик ээси катары каттала албайт, банкта эсеп ача албайт, үйлөнүү же төрөлүүнү каттата алышпайт.

Кээде атуулдугу жок адамдар (апатриддер) документтеринин жоктугунан улам алардын кимдиги аныкталбай түрмөдө отурган учурлар да болот.

1954-жылы БУУ апартиддердин жашоосун жеңилдетүүгө багытталган Апатрид статусуна байланыштуу конвенция кабыл алган. Бирок бул конвенцияга 66 өлкө гана кол койгон. 1961-жылы болсо атуулсуздардын санын азайтуу конвенциясы кабыл алынып, бирок аны 38 гана өлкө колдогон.

Бул көйгөй айрыкча Түштүк Чыгыш Азия, Жакынкы Чыгыш жана Африкада кеңири жайылган.