Розетта аттуу космостук кеме кометага конууга даярданууда

Сүрөттүн автордук укугу EPA

Европанын космос агенттигинин айтымында Розетта аттуу космостук кеме Жер планетасынан жарым миллиард чакырым алыстыкта, Чурюмов-Герасименко кометасына конууга даярданууда. Буга чейин кеме кометаны айланып жүргөн.

Розетта кемесинен “Филы” роботу 70 саат учуп кометага конот. Европанын космос агенттигинин мүчөсү Андреа Аккомаззо, Германиядан кубанычтуу жаңылыгы менен бөлүштү:

“Биз “Филы” роботу менен он жылдан бери чогу жашап, чогу учуп жүргөнбүз. Эми ал кометаны көздөй сапар алды. Мен бүт командага ыраазычылыгымды билдиргим келет. Иш ойдогудай жүрүп жатат.”

Эгер “Филы” роботу кометанын бетине илээше алса, анын курамы жана түзүлүшү боюнча анализдерди жүргүзөт. Робот маалыматты Розеттага берет, андан Жер алат.

Розетта кемесинин негизги максаты биздин планетадагы жашоонун башаты кометалардан башталганбы деген суроого жооп издөө.

Окумуштуулар 4,5 миллиард жыл мурда күн системасы кайра жаралганда өзгөрүүгө дуушар болгонго чейинки материянын үлгүсү кометада калган деп божомолдошууда.