Шинжаңда 7 студент соттолду

Сүрөттүн автордук укугу reuters

Кытайдын соту Шинжаң аймагында “жикчил” деп айыпталган жети студентти үч жылдан, сегиз жылга чейин абакка кести. Бул студентер өмүр бою эркинен ажыратылган, уйгурлардын укугун коргоп интернет баракчасын түзгөн Илхам Тохти атуу окумуштуунун окуучулары болчу.

Студенттердин сот иши жабыш эшик артында каралган . Бирок соттун чечими эл ичинде тез жайылууда. Студенттердин адвокаты Би-Би-Сиге окуучулардын ата-энеси менен сүйлөшкөндөн кийин гана соттун чечимине каршы даттанаарын билдирди.

Салыштыра келсек Кытайдын маалымат каражаттары Илхам Тохтинин сот ишин толук баяндашкан. Аны “жикчил”, “этникалык араздашууларга” түрткү берген адам катары коомго сүрөттөп беришкен. Укук коргоочулар Тохтини уйгур этникалык азчылыктары менен хан кытайлардын ортосундагы модератору болчу деп белгилешкен.

Ишенби күнү сот Шиңжаң аймагындагы чабуулдарга айыпталган 8 адамды өлүм жазасына кескен. Апрель айында бычак көтөргөн топ Үрүмчү шаарындагы темир жол бекетине кол салып бир киши каза таап, 79 тургун жабыркаган. Бул чабуул Кытайдын презденти Си Циньпин Шиңжаң аймагында расмий иш сапары менен жүргөндө орун алган. Ал эми май айында Үрүмчү шаарындагы базарда жардыруулар уюштурулуп 39 тургун мерт кетип, 90 киши жаракат алган. Бээжин чабуулдарды “жикчилдер” жана “террористтер” уюштурду деп белгилеген.

Өткөн айда Кытай өкмөтү биринчи жолу армияда кызмат өтөгөн мурунку аскерлер Үрүмчү шаарынын коопсуздугун көзөмөлдөөгө тартылаарын билдирген. Бул жылы Шинжаң облусунда уйгур этникалык азчылыктары менен хан кытайлардын ортосундагы чыр чатактан кеминде 175 киши каза тапкан.