Азиядагы цунамиге он жыл

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Цунаминин курмандыктарын эскерүү

Бүгүн он миңдеген адамдын өмүрүн алган Инди океанындагы цунаминин он жылдыгы белгиленүүдө.

Океандан каптап келген тоодой толкундардан катуу жабыр тарткан Индонезиянын Банда Асек аймагында расмий эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү.

Өлкөнүн вице-президенти Юсуф Калла кырсыктан кийин бул аймакта миңдеген адамдардын сөөгү табылганын айтып, он жыл мурдагы мүңкүрөткөн учурда колдоо көрсөткөнү үчүн эл аралык коомчулукка ыраазычылыгын билдирди.

Таиланддагы цунамиде каза тапкан сегиз миң адамдын көбүн чет өлкөлүктөр түзгөн.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Аман калган европалык туристтер жана алардын жакындары жума күнү Као Лак пляжына гүлчамбар коюшту.

"Бул цунами биз жашаган дүйнө табигый кырсыктар алдында канчалык аярлуу экенин жана кырсыктардын кесепетин жакшыраак түшүнүү канчалык маанилүү экенин көрсөттү. Коркунучтарды азайтуу үчүн биргеликте иштөөнүн маанисин да айгинеледи",-деди Улуттар уюмунун кырсыктардын кесепетин жөнгө салуу багытындагы өкүлү Маргарета Вохлстром.

2004-жылдын 26-декабрында Инди океанынын алдында магнитудалык күчү 9 баллдан ашкан жер силкинүү болуп, ал океанда өтө бийик толкундарды жараткан.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Жээкке жеткен толкундардын бийиктиги 20-30 метрге чейин жеткен.

Бул 1964-жылдан берки эң ири табигый кырсык деп сыпатталган.

Гигант толкундар Инди океанынын башка аймактарына да жайылып, Азияда Бангладеш, Мьянма, Малайзия жана Мальдивдерге чейин, Африкада болсо Кения, Сомали жана Танзанияга чейин жеткен.

Бул кырсыктан кийин адам өмүрлөрүн сактоо максатында цунами тууралуу алдын ала кабар берүү ыкмасы жакшыртылган.

Сүрөттүн автордук укугу RIA Novosti
Сүрөттүн автордук укугу AFP
Сүрөттүн автордук укугу AP
Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Сүрөттүн автордук укугу AFP