Кытайда коррупция шеги менен дипломат кызматтан кетти

Чжан Куньшэн «кызматтык эрежелерди бузду» деген жүйөө менен жумуштан алынды. Сүрөттүн автордук укугу BBC Chinese
Image caption Чжан Куньшэн «кызматтык эрежелерди бузду» деген жүйөө менен жумуштан алынды.

Кытайдын тышкы иштер министринин жардамчысы Чжан Куньшэн «кызматтык эрежелерди бузду» деген жүйөө менен жумуштан алынды. Мындай чаралар демейде коррупцияга байланыштуу айыпталгандарга колдонулат.

Эгер маалымат такталса, анда Чжан мындан эки жыл мурда президент Ши Жинпин жарыялаган коррупцияга каршы күрөштүн шарданы менен кызматтан четтеген эң бийик деңгээлдеги расмий болуп калмакчы.

Соңку чатакка бир нече чиновник аралашкан деген божомолдор бар.

Декабрь айында «кызматтык эрежелерди бузду» деген айыптар мурдагы төрага Ху Жинтаонун эң жакын өнөктөрүнүн бири Лин Цзихуага тагылган эле.