Күйүүчү майдын баасы арзандоодо

Сүрөттүн автордук укугу Getty

Чийки мунайзаттын баасы өткөн июнь айынан бери тынымсыз төмөндөп келе жатат. Учурда Brent маркасындагы мунайдын эң жогорку баасы бир баррели 115 долларды түздү.

Майдын баалары өндүрүштүн көптүгүнөн жана суроо-талаптын азайышына байланыштуу өзгөрүүдө. Европа жана Кытайда экономиканын солгундашы керектөөнү кыскартты.

Ал эми АКШдагы өндүрүштүн күчөшү менен дүйнөлүк мунай камсыздоонун көлөмү артты. Мунайзат рыногундагы кубаттуу өлкө делген Сауд Арабиясы мунай экспортун кыскартууга макул болгон жок.

Аналитиктердин баамында, бул жагдай мунайзат баасынын мындан ары дагы төмөндөй беришине шарт түзүшү ыктымал. Баалар 40 доллардан да ылдыйлайт деген божомолдор бар.

Кыргызстанда эмнеге мунай арзандабайт?

Мунайзаттын дүйнөлүк баасы арзандаганы менен Кыргызстандагы баалар жогору бойдон сакталууда. Учурда бензиндин баалары 49 сомдон 52 сомго чейин сатылууда. Баткен сыяктуу алыскы аймактарда баалар мындан дагы жогору.

Кыргызстанды күйүүчү майлар менен негизигинен Орусиянын "Газпром Азия" компаниясы камсыздайт. Би-Би-Синин экономикалык кабарчысы Тео Леггеттин айтымында мунай рыногунда монополия орногондо же улуттук валютанын куну кеткенде баалар ийкемсиз болуп калышы ыктымал.

"Эгер өлкөдөгү мунайзат рыногунда монополия бар болсо, калктын башка компаниялардан сатып алуу мүмкүнчүлүгү чектелүү болсо, анда баалар жогору бойдон кала берет. Андан тышкары, чийки мунайзаттын баасы доллардык эсеп менен төмөндөдү. Ал эми Кыргызстанда улуттук валюта сомдун долларга карата куну түштү. Андыктан, улуттук валюта менен эсептешкенде да баалар жогору болот. Менимче, мына ушул эки фактордун бири Кыргызстандагы күйүүчү майлардын баасына таасир этетет", - деди Леггетт.